Жээнбеков: Соттор корпусу коррупциялык элементтерден тазаланышы керек
Президент Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева менен жоолугушту
Президент Сооронбай Жээнбеков Бүгүн Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева менен жоолугушту.
Жүргүзүлгөн соттук укуктук реформалар тууралуу, өлкөдө мыйзам жана укук баалуулугун камсыздоо, ошондой эле алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын сотторунун XI съезди тууралуу маселелерди талкуулашты.
Гульбара Калиева алдыда өтө турган соттордун съездине болгон даярдык тууралуу маселелерди маалымдады, ага өлкө боюнча 400 сот жана 100 чамалуу башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат. Андан сырткары, соттордогу санариптештирүү иш чараларын аткаруу, жаңы мыйзамдар жана кодекстер боюнча укук колдонуу ишмердүүлүгү боюнча айтып берди.
Мамлекет башчы сот системасынын органдарынын башкы максаты - бул өлкөдө мыйзамдуулукту камсыздоо, жарандардын адилет сот аркылуу укугу жана эркиндигинин корголушу экендигин белгилеп кетти.
«Өлкөдө соттук-укуктук реформаны өткөрүүнүн алкагында, соттук корпус коррупциялык элементтерден тазаланышы керек, таза иш алып баруу керек, ждарандардын сотко болгон ишенимин кайтаруу керек. Сот жаатын жаңылоо олкөнүн Онүгүүгө алган Улуттук стратегиялык багытынын ажырагыс бир бөлүгү болууга тийиш». - деп баса белгиледи Жээнбеков.
Мамлекет башчыКыргыз Республикасынын сотторуналдыда турган XI съездинин ишине ийгилик каалоо менен өлкөнүн бардык соттук корпусун жана Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиеваны Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин Күнү менен куттуктады.
Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www