Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«КСДП оюнчуктай болуп кичирейип, ал эми Атамбаевдин съезди экинчи планга жылып кетиши мүмкүн»

Кыргызстанда жаңы партия түзүп, шайлоодо дароо утуп кетүүгө мүмкүн эмес деген пикирлер бар

КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун бар аракети келе жаткан шайлоодо Атамбаевдин беделин түшүрүүгө багытталган. Мындай оюн Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Чынара Эсенгул бөлүштү.

- Эгерде тереңирээк карай турган болсок, саясий күрөш толук кандуу болот, бул «социал-демократтардын» лидери Алмазбек Атамбаевдин беделине тийиштүү, - деп белгилейт ал. - Атамбаевдин Кыргызстандын саясатындагы ордун баары билишет, аны өзгөртүп жиберүү абдан кыйын. Бирок башка жагынан алып караганда, биздин саясий маданиятыбызды жана саясий процесстерди эске алсак, анда баары жөпжөнөкөй. Партия - бул программа эмес, бул лидер.

Саясий биримдиктин ичиндеги жеке карым-катнаш мааниге ээ жана «биздики - башка» деген бөлүнүүдөн көз каранды.
Эксперт парламенттик шайлоого али жетишээрлик убакыттын бар экендигине карабастан эми эле жарыш башталгандыгын белгилейт.

- Азыр Иса Өмүркулов бар күчүн КСДП ажыратууга
жумшап жатат, - дейт Эсегул. - Чамасы, бул «сага да, мага да эмес» деген оюн сыяктуу, эптеп эле партиянын азыркы лидерин алсыратуу. Анткени менен азыркы бийликтин шайлоого кантип бараары баарынан кызык болуп жатат. Анткени ар кандай ушак кептер таркап жатат, анын ичинде жаңы партия түзүлөт деген да кеп бар. 2007-жылы так ушундай болгон, «Ак Жол» күтүүсүздөн пайда боло калып, шайлоонун жыйынтыгы да күтүүсүз болуп чыккан. Бирок ал убакта шайлоонун добуштарын жөн гана жазып коюшкан. Эгерде Кыргызстан өзүн демократиянын жолундагы өлкө деп эсептесе, эми андай нерсе кайталанбашы керек. Анткени азыркы партияларга Жээнбековдордун үй бүлөсүнүн тийгизген таасири күчтүү.

Өз кезегинде дагы бир саясат талдоочу Марс Сариев, эгерде Иса Өмүркулов чындап эле өзүнүн иш чарасын өткөрө турган болсо, анда Алмазбек Атамбаев өткөрөм деген съезд экинчи планга жылат деп боолголойт.

- Өмүркулов өзүнүн жыйынын Атамбаевге караганда үч күн мрда өткөрүүнү ниеттенип жатат, - деп эскертти ал Vesti.kg сайтына. - Сагындык Абдрахманов аркылуу КСДП алсыратуу максатына жетпей калды, ошондуктан эми аренага парламенттик фракциянын лидери чыкты. Биздин өлкөдөгү электорат саясатты анча түшүнө бербейт, андай болгон учурда, эгерде Өмүркулов өз планын ишуке ашырса, анда Атамбаедин съезди экинчи планга жылат. Мындай болсо, КСДП кала берет бирок кичинекей оюнчук болуп калат. Ошол эле учурда «Улуттар биримдиги», «Замандаш» жана «Мурас» деген биримдиктер да баш көтөрө башташты.

Түшүндүрө кетели, мурда КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов журналисттерге партиянын кезектеги жыйыны чын курандын үчүндө болот деген болчу. Бирок кеп Алмазбек Атамбаев өткөрөм деген иш чара тууралуу болуп жаткан жери жок.

Өмүркуловдун сөзү боюнча, ал өзүнүн жеке съездин өткөрүүо ниеттенген жана аны Жогорку Кеңештин депутаттары - партиялаштары колдошту, анын ичинде Марат Аманкулов да бар. Белгилей кетүүчү нерсе, «социал-демократтар» фракциясынын лидери «КСДП Атамбаевсиз» кыймылын өзүнө жакын жуутпайт.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх