Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров апасынын зыйнатынан колонияга кайтып келе элек

ЖАМК экс-депутаттын азыр кайда экендигин айтып беришти

Соттолгон оппозиционер Садыр Жапаровго Ысык-Кол облусундагы апасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына узатууга уруксат беришкен болчу. Ал бир жума ичинде колонияга кайтып келет. Бул тууралуу ЖАМК маалымат кызматы Vesti.kg билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, экс-депутатка камактан чыгып кайра келүүгө бир гана суткага уруксат берилген.

- Бүгүнкү күндө ал Ысык-Көл облусунун убактылуу кармоочу жайында камалып турат, - деп маалымат беришти андагылар. Молдовановкадагы №1 колонияга бир жуманын ичинде кайтып келет, анткени атайын техника аймактар арасында жумасына бир гана жолу жүрөт.

Жапаровдун энесин акыркы сапарга жалган курандын тогузунда Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында узатышты.
2017-жылы Садыр Жапаровдун атасы каза болгон, бирок ал кезде ЖАМК жетекчилиги ага атасына топурак салууга уруксат беришкен эмес.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх