Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурат Суталиновдун аялы: Бул менин күйөөмдү көз көрүнө кыйноо

Гульнара Суталинова президент Сооронбай Жээнбековдон анын күйөөсүнүн иши тууралуу өз оюн билдирүүсүн суранат

Жакында эле Бишкек шаардык соту өтө катуу ооруп жаткан УКМК мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурун бошотуу өтүнүчүн кароодон баш тартты. Кечээ Суталиновдун аялы Гульнара Суталинова өзүнүн фейсбуктагы баракчасынан Ленин райондук сотунун чечимине нааразы экендигин билдирди. Ал президент Сооронбай Жээнбековго төмөнкүчө кайрылды:

«Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Мен күйөөмө болгон адилетсиздикти карап туруп, көпкө ойлонуп, Сизге ачык кат жазууну туура көрдүм. Менимче, социалдык тармактарда эмне жазылгандыгын сизге жеткирип турушса керек деп ойлойм. Ленин райондук сотунун чечимине нааразы болгон комментарийлер толуп кетти. Б. Сыдыгалиев менин рактын акыркы стадиясында жашап жаткан күйөөмдү бошотпоо тууралуу чечим кабыл алды. Мен аны өлүм алдындагы деп айтканга оозум барбайт, анткени анын эрки күчтүү экендигин баары билишет. Биз ооруну жеңебиз деп үмүт кылабыз! Бирок ал оору менен түрмөнүн шартында алышуу мүмкүн эмес экендигине ЖАМК жаңы начальниги Мелис Турганбаевдин ачык көрсөткөндүгү күбө болот. Катардагы эле камалган бирөө болсо биздин соттор көчмө чогулуш кылып туруп (дайыма ушундай болгон, муну сот жана прокуратура кызматкерлери тастыктап берет) бир күндө чечим кабыл алып коюшмак. Биздики болсо - мамлекеттик деңгээлдеги көз көрүнөө кыйноо болуп калды. Мен бул адилетсиздикти андан башкача атай албайм.

Мен ар кандай адамдар менен сүйлөшөм, эң жөнөкөй саясатты билбеген, карапайым адамдардан баштап, алчы таасын жеген саясатчыларга чейин бир гана ойду айтышат. Мурат апрель окуясы боюнча камалган дешет. Анткени менен убактылуу өкмөттүн айрым бир өкүлдөрүнүн көрсөтмөсү менен жалаа жаап айыпталган да менин күйөөм», - деп жазат Мурат Суталиновдун аялы.

Ошону менен бирге Суталиновдун аялы мамлекет башчынын анын өлүм алдында ооруп жаткан күйөөсүнүн ишине болгон көз карашын билдирүүсүн өтүнөт.

«Менде Убактылуу өкмөттүн жок дегенде бир мүчөсү ушул өкүмдү окушту бекен деген суроо туулат. Ушундай чечим чыгарган соттор жазага тартылышы керек. Мен алардын жазасын алаарына бөркүмдөй ишенем! Мен бул өкүмдү англис тилине котором да, эл аралык уюмдарга жөнөтөм. Мен муну менен эч нерсеге жетише албасам да бүткүл дүйнө билсин биздин соттор кандай экендигин. Сооронбай Шарипович! Мен юрист катары сиздин соттун чечимине таасир эте албашыңызды билем. Бирок бүгүнкү күндө кээ бир соттор чечим чыгарууда Ак Үй тараты жал жал карап эле калышат. Мен ушул себептен гана кат жазып отурам. Мен ушул болуп жаткан нерсеге карата сиздин оюңузду билейин дегем, президент катары болбосо да кудайга ишенген адам катары өз оюңуздү билдирип койсоңуз!», - деп жазат Гульнара Суталинова.
(автордун пунктуация жана орфографиясы бузулбай берилди)

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх