Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте «Кырк чоронун» лидери кармалды. Аны ордо калаанын ИИМБ алып кетишти

«Биз кадимки эле айымдарга гүл беребиз го деп ойлогонбуз, бирок алардын арасында гейлер бар экен»

«Кырк чоро» коомдук бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев милиция кыматкерлери тарабынан Бишкек мэриясынын жанында митинг уюштуруп жатканда кармалды. Бул туурасында анын шериктери билдирди.

Нааразычылык акциясына чыккан «Кырк чоронун» башчысы мэрияга жалган курандын он үчүндө борбор шаарда уюшулган «гей-парадга» каршы нааразычылык акциясына чыгуу тууралуу расмий билдирүү алып келген.

Андан сырткары, ал мэриянын имаратына ЛГБТ өкүлдөрүнүн жүрүшүнүн сүрөтүн алып келген, анан ою боюнча, бул кыргыз менталитетине туура келбейт.
Көчөрбаевдин тарапташтары эмне үчүн алардын лидери чуулгандуу жүрүштүн катышуучуларына гүл бергендигин түшүндүрдү.

«Биз кадимки эле жөнөкөй аялдарга гүл берип жатабыз деп ойлогонбуз, көрсө, жалган курандын сегизиндеги акцияга гелер катышыптыр», - дешет «Кырк чоронун» мүчөлөрү.

Белгилүү болгондой, Көчөрбаев Бишкек ИИМБ суракка алуу үчүн кармалды.

Толкун Сагынова
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх