Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Назарбаевдин мигранттар тууралуу айткан кеби биринчи кезекте казактардын өздөрүнүн кыжырын кайнатты»

Эксперт Кыргызстанда коңшу мамлекеттен айырмаланып саясий качкындар аз экендигин белгилеп кетти

Орусияда казакстандык мигранттар Кыргызстандын эмгекчилеринен кем эмес, балким көптүк да кылаар. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына миграция жаатынын эксперти жана «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бөлуштү.

- Нурсултан Назарбаевдин казакстандыктар көз карандысыздык алгандан бери эч жакка чыгып иштеген жок деген сөзү мекендештеринин кыжырына тийди, - деп белгилейт ал. - Бул тууралуу социалдык тармактарда көптөгөн публикациялар чыкты. Казактар көп адамдардын чет жакка эмгек миграциясына гана эмес, саясий куугунтук жеп чыгып кетишкендиктерин жазып чыгышты. Бизде да саясий куугунтуктагылар бар, бирок Казакстандагыдай эмес. Ал жакта айрым чоң саясатчылар да мекенин таштап кетишти.
Молдокматов «Айка» фильми болгону искусствону көрсөтүү, муну саясатка айландыруу жарабайт дейт.

- Фильмден саясат чыгарып эмне кереги бар? - деп таң калат ал. - Бул жерде искусство тууралуу кеп болуп жатат, ал кайсы өлкөнүн мигранты экенидигинин мааниси деле жок. Миграция деген дүйнөлүк көйгөйгө айланган нерсе.

Түшүндүрө кетели, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Айка» фильминде ойногон актриса Самал Еслямованы мактап, актерлук чеберчилиги жана чет элде эмиграцияда жүргөндөрдүн кыйынчылыктарын чагылдыргандыгын айтты. Бул тууралуу Zakon.kz билдирет.

- Самал Еслямова фильмде Казакстанды жакшы жагынан көрсөткөн, ал эң жакшы деген аялдардын ролу үчүн сыйлык алды, - деп белгиледи Назарбаев. - Эң негизгиси - эмигранттардын чет жердеги абалын көрсөткөн. Кудайга шүгүр, эгемендүүлүктүн жылдары башка мамлекеттердегидей болуп казакстандыктар эч жакка тентиген жок. Бул жерде ал мигранттардын кыйынчылыктарын жогорку чеберчилик менен аткарган.

Кеп казактардын «Айка» фильми тууралуу болуп жатат. Аны Казакстанда төрөлгөн орусиялык режиссёр Сергей Дворецкий тарткан. Бул көрүнүштү 7 жылдан бери тартып жатышкан, чоң экранга 2018-жылы гана чыкты. Фильмде Еслямова Кыргызстандан келген мигрант эененин ролун аткарган. Ал баласын төрөт үйүнө таштап салган. Актриса бул эмгеги үчүн Канн кинофестивалында 2018-жылы эң мыкты аялдын ролу үчүн деген сыйлык алган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх