Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Руслан Казакбаев: Бабановдун жакын арада кайтып келем деген оюн билем

Мурдагы президенттикке талапкердин тарапташы «РАЖ» мурдагы лидери Ноорузга Кыргызстанга кайтып келет деген каңшаар кепке комментарий берди

Кыргызстандын президенттигине мурдагы талапкер Өмүрбек Бабановдун жалган курандын жыйырма биринде мекенине кайтып келүүсү күтүлөт. Бул тууралуу «Nazar news» сайты билдирет.

Ал ортодо Vesti.kg сайты Өмурбек Токтогуловичтин тарапташы, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевден комментарий алды.

Депутат мурункудай эле Бабанов менен байланышып тураарын айтты, бирок ал качан келээрин билбейм деп белгилеп кетти.

- Билем, кайтып келүүгө ниети бар, бирок кайсы күнү экени белгисиз, - дейт Казакбаев.

Андан сырткары, ЖМК маалыматтары боюнча, Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга инвстиция менен кайтып келет.

- Мен да ошентип уккам, биро анын канчалык чындыгы бар биле албайм, - деп улады созүн Руслан Айтбаевич. - Мындай маалыматты журналисттердин кайдан алышкандыгы жана кайдагы инвестиция тууралуу сөз болуп жаткандыгы белгисиз.

Инвестиция тууралуу Өмүрбек Токтогулович өзү да айткан. Баарыңар билгендей Бабановдун бизнесте да, саясатта да жараткан ийгиликтери бар. Эгер Кыргызстан анын инвестициясына муктаж болуп жатса, демек ал инвестиция салат. Ал муну мурун да ойлонуп жүргөн. Ал долбоорлор дагы деле бар болсо керек деп үмүттөнөм.

Жалпыга белгилүү болгондой, ӨмүрбекБабанов азыр Орусияда бизнес кылып жүрөт.

Эске салсак, мурдагы президенттикке талапкерди улут аралык кастыкты козутту деп айыпташкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх