Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаевдин жубайына жасаган кайрылуусу тармактарда пайда болду (видео)

Айгүл Текебаеванын туулган күнүнө арналган тасманы саясатчынын улуу балдары монтаждашкан

Парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин аялы Айгүл Текебаева аны туулган күнү менен куттуктаган күйөөсүнүн видеосун коомчулукка таркатты.

Видеотасма соттолгон оппозиционердин жактоочусу Искен Афиджановдун фейсбук баракчасында жарыяланган.
Андан сырткары, Өмүрбек Чиркешовичтин аудиожазуу куттуктоосу жарыяланган.

«Айгүлүм, сени чын жүрөктөн куттуктайм! Сага чың ден соолук жана бакыт каалайм. Маанайың дайыма ачык болсун. Мени сага жоолуктурган кудайга миң мертебе ыраазымын. Мен сени менен гана бактылуумун», - дейт экс-депутат.

Искен Афиджановдун Vesti.kg сайтына айтып бергенине караганда, куттуктоо открыткасын Өмүрбек Текебаевдин балдары - Айданек, Амантурлар жасашты.

Үн 2017-жылы бештин айында жазылып алынган, ал анда ооруканада жаткан болчу, - дейт юрист. - Айгүл Текебаеванын туулган күнү болсо бирдин айынын жыйырмасында, бирок Өмурбек Чиркешович бул үн жазманы эртерээк жасап, балдарына берип койгон. Алар өз кезегинде үй бүлө материалдарын чогултушуп, бул открытканы апасынын майрамына тапшырышты.

Афиджанов Айгүл текебаева бул тасманын ал үчүн эң баалуу деп атагандыгын кошумчалай кетти.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх