Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭКККМК алардын кызматкерлери «Супер-Инфо» редакциясына редерлик басып алуу кылды деген маалыматты төгүндөдү

Каржы полициясы гезиттин кызматкерлери текшерүүгө керектүү документти берүүдон баш тартышкандыгын белгиледи

Кечээ социалдык тармактарды «Супер-Инфо» гезитинин башчысын «Каржы полициясы» суракка чакырды деген маалыматтар таркады. «Super.kg» маалымат порталында бул редакцияга карата рейдерлик басып алуу уюшулуп жаткандыгын билдиришкен. Анткени менен Vesti.kg сайтына ЭКККМК маалымат катчысы Анастасия Пискур бул маалымат чындыкка дал келбестигин айтты.

- Азыр коомчулукта «Каржы полициясы» «Компьютер пресс» ЖЧК (Супер-Инфо гезити) редерлик басып алуу кылганы жатат деген таркап кетти, - деди ал. - Быйыл үчтүн айында «Н.Т.» аттуу жаран ЭКККМК арыз менен келди, анда «ЖМК колдоо борбору» Коомдук фондуна жана гезит чыгарчу мекемелердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөөгө кайрылган. Тактап айтканда, сайтта көрсөтүлгөн гезиттик басылманын чыгарган тиражы жана гезиттин озүндө көрсөтүлгөн саны тууралуу. Арыз Кыргыз Республикасынын жаруктар Кодексинин 113 беренеси менен Бирдиктүү жоруктарды каттоо реестрине катталды.

Ошону менен бирге Пискур ЭКККМК кызматкерлери жүргүзгөн текшерүү мыйзамдуу болгондугун белгиледи.

- Бирдин айынын отузунда биз Биринчи май райондук прокуратурасынан «ЖМК колдоо борбору» Коомдук Фондун текшерүүгө уруксат алдык, - деп улантты ал. - Ошондой эле Бишкек СКМБ салыктык текшерүүсү дайындалган. САлыктан качуу фактысын текшерүү керек болгон. Сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө «ЖМК колдоо борборунун» негизги буйрутмачысы «Компьютер пресс» болуп саналаары аныкталды.
Кудум ушул мекеме менен тираждын санды туура келбей жатат. Ушуга байланыштуу бирдин айынын жыйырма алтысында биз прокуратурадан «Супер-Инфонун» имердүүлүгүн текшерүүгө уруксат алдык. Өндүрүш Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы МСК тапшырылган.

ЭКККМК маалымат катчысы «Супер-Инфонун» кызматкерлери Каржы полициясы менен кызматташкандан баш тарткандыгын белгиледи.

- «Компьтер пресстин» өкүлдөрү биз менен кызматташуудан краманча баш тартышты, алтурсун документтерин да корсөтпой коюшту, - деп билдирди Пискур. - Алар ар нерсени шылтоо кылышты. - Ушуга байланыштуу жалган курандын он үчундо МСК кызматкерлерине тийешелүү документтерди талап кылуу тапшырылган. Ушуга байланыштуу кыргызстандыктарды провакацияга алдырбоону өтүнөбүз. Маалымат жалган.

Учурда сотко чеинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Түшүндүрө кетели, кечээ социалдык тармактарда «Супер-Инфо» гезитинин башчысын ЭКККМК суракка чакырды деген маалыматтар таркап кеткен.

Ошону менен бирге «Супер-Инфо» гезитинин кызматкери Эльвира Караева фейсбук социалдык тармагында редакциянын башкы директору Шаиста Шатманованы ЭКККМК суракка чакырды деп билдирди.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх