Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манастын аялы тажик кызы болгон». Тажикстандык кыргызстандыктарга кайрылуу жасады (видео)

Тажикстандын жараны эки эл бири бирин сыйлаша тургандыгын жана бир үй бүлөдөн экендигин эскертти

Бүгункү күндо тажиктер менен кыргыздар бир үзүм жер үчүн тытышып жатат, тарыхта мындай болгон эмес. Бул тууралуу Тажикстандын жараны Диловар Сафаров Кыргызстандын жарандарына кайрылуусунда билдирди. Бул видео фейсбук социалдык тармагында таркады.

«Тарыхта кыргыз менен тажиктин жер талашып урушканы болгон эмес. Биз болсо бүгун бир кулач жер үчун бири бирибизди өлтүрүп жатабыз», - дейт тажикстандык.




Ошону менен бирге ал киши Манастын аялы Каныкей тажик кызы болгондугун эске салды.

«Силер Эр Манастын тукумдары, Манастын аялы Каныкей тажик кызы болгондугун эсиңерге салгыла. Туугандар! Дүйнөдө эки күч бар, ошону унутпагыла, - алар кылыч жана акыл. Көпчүлүк учурда акыл жеңип кетет. Биз башкалар үчүн азиаттарбыз. Биз бир үй бүлөдөнбүз. Биздин үйүбүздө жаңжал болсо, биз тынч жашай албайбыз», - деп өз оюн жыйынтыктайт Тажикстандын жараны.

Эске салсак, жалган курандын он үчүндө Кожогар аймагында Кыргызстандын Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундары кагылыша кеткен. Чыр чатакка Баткен облусундагы Ак-сай-Тамдык айланма жолунун курулушу болгон.

Жаңжалдын кесепетинен бугункү күндө Кыргызстандын үч жараны жарадар болуп бейтапканада жатат. Ак-Сай айылынын жа балдары жана аялдары коопсуз жайга көчүрүлдү. жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен биргеликте жергиликтүүлөрдүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх