Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов: Мен «Эл агартуунун мыктысынан» баш тартып деле коймокмун. Бирок эми принципке турам

Депутат эмнеге журналистти «эс алчы» деп каккандыгын түшүндүрдү

Кечээ Sputnik.kg агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун журналистти «эс алчы» деп каккан видеосун таркатты.

Ал ортодо Vesti.kg сайты эл өкүлүнө кайрылып эмнеге ЖМК кызматкерине андай корс мамиле кылгандыгын аныктоону чечти.

- Бул Sputnik.kg журналисттери тарабынан болгон каралоо, - деп билдирди Тазабек Икрамов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Бул окуянын башы менин айдоочум менен байланыштуу. Кечээ бизде комитеттин жыйыны болду. Мен коридор менен кетип бараткам, Гульмира Кудайбердиевадан кандай журналист интервью алып жаткандыгын байкаган жокмун. Мен билим берүү министри менен учураштым. Ал мени токтотуп, кеп сен жөнүндө болуп жатты эле деди. Анан журналист мага келип: «Ушул жерде туруп туруңуз, мен министрден интервью алып алайын, анан сүйлөшөбүз», деди. Ал ким экен мени анткидей?! Анын үстүнө ал Гульмира Каримовна менен мен тууралуу сүйлөшүп жаткан экен. Бул жаш адамдар өздөрүн ким сезип алышкан? Бул адисинен ашкандык. Кудай төбөдө карап турат.

Ал эми менин наамым тууралуу болсо, мен андан баш тартып деле коймокмун. Бирок эми принципке турам. Бул иш бүткөн. Азыр мындан маанилүү талкуулай турган нерселер бар.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх