Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаар кеңешине үч жаңы депутат келди. Алардын экөө ишкерлер

Жаңы келген депутаттарга мандатты бүгүн Бишкек шаар кеңешинин жыйынында тапшырат

Бүгүн Бишкек шаар кеңешинде үч депутатка мандат ташырышат. БШК маалымат кызматы Vesti.kg сайтына билдиргендей, Өмүрбек Жолдошев жана Айжигит Апсатар уулу мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укугун жыйнаштырды.

Бишкек шаар кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Эдик Досиев келди. Ачык булактардан анын жеке ишкер экендиги жалпыга маалым.

Эске салсак, Досиев кызмат үчүн шаар кеңешинде күрөшүүгө туура келди. Мурда анын мандатын Аллаберди Парпиев алган болчу. Эдик Шарипович сотко берип утуп алган.

«Мекеним Кыргызстан» фракциясынан Бишкек шаар кеңешине Аскарбек Күрүчбеков жана Нургазы Каримовдор келишти.
Аскарбек Күрүчбеков - жаш режиссер «Dosoy cinema» директору. Нургазы Каримов болсо жеке ишкер.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх