Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Турганбаев абактын начальниктерин алмаштырды

ЖАМК кадрлык ротация жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматында кадлардын орун алмашуусу болду.

ЖАМК төрагасы Мелис Турганбаевдин буйругу менен полковник Мирбек Миңбаев №53 мекеменин начальниги кызматынан бошотулуп, №8 мекеменин начальниги болуп дайындалды.

Ошону менен бирге полковник Түгөлбай Эргешов №23 мекеменин начальниги болуп дайындалды, ал мурда №21 мекеменин начальнигине орун басар болчу.
Андан сырткары, майор Сансызбай Хасенов №53 мекемени жетектеп калды, ал мурда №8 мекеменин начальниги кызматын аркалап келген. Майор Талант Каниметов №45 мекеменин начальниги кызматына дайындалды.

ЖАМК маалымат кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх