Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскат Эгембердиев ЖАМК төрагасына орун басар болуп дайындалды

Мелис Турганбаев жетекчиликке тажрыйбалуу кызматкерлерди алып келип, системанын өзөгүн өзгөртүүгө мезгил келип жетти деп баса белгиледи

Полковник Аскат Эгембердиев Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Мурда бул кызматта Мырзабек Адылбеков иштеген.

Орун басарды өздүк курам менен ЖАМК төрагасы Мелис Турганбаев тааныштырды. Ал Аскат Эгембердиевдин өмүр бою ЖАМК системасында кызмат кылгандыгын, ыкчам кызматкерден баштап, көптөгөн түзөтүү мекемелеринде иштегендигин белгиледи.

«Тажрыйбалуу кызматкерлерди жетекчиликке жылдыруу менен келечекти ойлоо керек, ушундай жол менен системанын өзөгүн өзгөртөбүз», - деди Турганбаев.

Эгембердиев Аскат Раимбердиевич 1968-жылы Бишкекте туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Куралдуу күчөтрдө кызмат өтөп келгенден кийин, кызматтык тепкичин 1993-жылы Жалалабатта ИИБ кылмыш иликтөө коопсуздук кызматкери болуп иштөөдөн баштаган.

1996-жылы КР ИИМ ЖАМК иштеп баштаган. Ар кандай убакыттар аралыгында №47 жана №19 мекемелерде начальник болуп иштеди. КР ЖАМК Башкы штабын жетектеди. 2017-жылдын үчтүн айынан баштап 2019-жылдын жалган куранынын он сегизине чейин ЖАМК №1 мекемесинин начальниги кызматын аркалап келди.

ЖАМК маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх