Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК вице-премьер Жеңиш Разаковдун тажик чалгынына иштейби, же жокпу текшерет

Ошону менен бирге өкмөт мындай маалымат жалаа экендигин жана коомчулукту адашууга алып бара тургандыгын баса белгиледи

 Маалымат айрым бир сайттарда, социалдык тармактарда, ошондой эле кечээ Жогорку Кеңеште да угузулду. вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун тажик чалгынында иштөөсү тууралуу маалымат жалган жалаа жана калп сөз. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Министрлер кабинетинде бул өңдүү маалыматтар мурда да ЖМК бир нече жолу таркатылып, Жеңиш Разаковдун вице-премьерлик кызматын жокко чыгаруу максатында коомчулукка берилип жатат деп эсептейт.

Разаков ички иштер органында эмгек жолунун бардык этаптарын басып өткөн, Баткен облусунун ички иштер Башкармалыгынын начальниги болгон, андан соң ал аймактын жетекчиси болгон.

Жеңиш Разаковдун тажик чалгынына иштегендиги ушунча жылдан бери билинип калмак. Ушуга байланыштуу бул маалыматтын калп жана коомчулукту адаштырууга алып бара тургандыгын дагы бир жолу белгилеп кетебиз.

Ошону менен бирге, УКМК айтылган билдирүү боюнча текшерүү жүргүзөт жана аягында баа берет.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх