Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Акаев терезеден турнабай салып кылмышкерлерди карап тургандыгын айтып берди

Мурдагы президенттин айтымында, Аксы окуясында Курманбек Бакиев ооруп калдым деп Жалал-Абатка кетип калган

Кечээ жалган курандын жыйырма төртүндө 2005-жылкы элдик революция белгиленди. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев ошол окуялар тууралуу өз эскерүүлөрүн «BBC news» берген интервьюсунда айтты.

Акаев ошол күнү өмүрүндө эң кыйын болгон чечимди кабыл алганга туура келгендигин кайталады.

- Мен 15 жыл президенттик кызматты аркаладым, - деп эскерет ал. - Жалган курандын жыйырма төртүндө мага эң кыйын чечимди кабыл алууга туура келди. Биз ал убакта Ала-Тоо аянтына кылмыш дүйнөсүнүн адамдарынын топтолуусун күткөн эмеспиз. Мен ошол күнү терезеге карадым. Чогулган 15 миң кишинин 10 миңден ашууну кылмыш дүйнөсүнүн кишилери болчу.

Алардын көпчүлүгү мас абалында эле. Ошондо мага жардамчыларым келип, аларга карата күч колдонолу дешти. Биз «Эгерде Акаев күч колдонбосо, кечкурун биз кан төгөбүз да, күнөөнү бийликке оодарабыз», деген сөздөрдү уктук. Кийинчерээк мындай көрүнүш Киевде жана башка мамлекеттерде колдонулду.

Журналисттин мекениңизде калып кала турган мүмкүнчүлүк болду беле деген суроосуна, Акаев кан төгүлүшүн каалабагандыгын айтып жооп берди.

- Аскер кызматкерлери курал колдонобуз дешкенде, мен: «Кандай болбосун курал колдонбогула» дедим, - деп баса белгиледи Акаев. - Бул менин акыркы кайрылуум эле. Андан соң өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу чечим кабыл алдым. Эгерде Кемин тарапка барсам, жергиликтүүлөр көтөрүлүп чыгышмак. Кечке жуук кан төгүлдү, Айрымдары мени айыпташты. Акаев качып кетти, кылмышкерлерди жазаласа болмок дегендер да болду. Бул эми элдердин кыйналгандагы гана сөздөрү эле. Менин оюмча, ошондо мен туура чечим кабыл алдым. Аксы окуясы сабак болду.

Ошону менен бирге Аскар Акаевич журналисттерге топтолгон митингчилерди карап туруп, эмнеге аларды кылмышкерлер деп чечкендигин айтты.

- Мага маалымат жеткиришти, - деп мойнуна алды ал. - Кайтаруу кызматынан, коопсуздук кызматынын кызматкерлери бул топтун арасында бар болчу. Анан мен дүрбү салып карап, ал сөздүн аныгына көзүм жетти.

Аксы окуясын эскерип отуруп, Аскар Акаев ошол мезгилде премьер-министр Курманбек Бакиев болгондугун белгилеп кетти.

- Мен ошол кезде чет мамлекеттен расмий сапардан кайтып келген болчумун, - деп эскерет Кыргызстандын биринчи президенти. - Ошол кезде Бакиев Бишкекте жумуш ордунда жок экен, ооруп жатам деген шылтоо менен Жалал-Абаддагы санаторияга кетип калыптыр. Ошол кезде Азимбек Бекназаров бул каргашага Бакиев күнөөлүү деп чыккан.

Андан ары ал журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, Аксы окуясындагы нерселердин көбү эсинде калбагандыгын жана андан бери көп убакыт өткөндүгүн айтты.

- Мен ар бирин эстей албайм, анткени андан бери 20 жыл өттү, ал эми акыркы 15 жылдан бери болсо Орусияда жашап жатам, - деди мурдагы мамлекет башчы.
- Бирок муну оппозиция өзү уюштурган, алардын максаты президентти отставкага кетирүү болгон. Кийинчерээк мындай версияны Азимбек Бекназаров да айтты.

Албетте, Курманбек Бакиевдин бул ишке катыштыгы бар болчу. Эгерде мен отставкага кетсем, ал премьер-министр катары ордума келмек да. Анын максаты эртерээк президент болуу болгон. Өзүңөр билгендей, ал бул максатына 2005 жылы жалган курандын жыйырма төртүндөгү революциядан кийин жетти.

Аскар Акаев - Кыргызстана туңгүч президенти.
Кыргызстанды 1990 жылдан баштап 2005-жылга чейин башкарды. 2005-жылкы «Жоогазын революциясы» деп аталган элдик нааразычылыктан кийин Акаев республиканы таштап чыгып кетти.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх