Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңешке депутаттык кызмат 6 миллион сом турабы? Буга берген депутаттардын жообу

Эл өкүлдөрү мурдагы спикердин билдирүүсүнө ар кандай жооп беришти

Жогорку Кеңештин депутаттык кызматы 6 миллион сом турабы. Бул тууралуу мурдагы БШК мүчөсү, Жогорку Кеңештин экс-спикери Ишенбай Кадырбеков Кыргызстандын шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү деген статьясында билдирди.

Парламенттеги мандаттын баасы тууралуу автор жөнөкөй гана эсептеп койгон. Ал ал саясий партия акыркы шайлоодо короткон 778 миллион сомду 120 депутатка бөлүп койгон. Ар бирине алты жарым миллиондон туура келип калды. Азыркы доллардын курсу менен - ар бир депутаттын башына 92 миң 500 доллардан туура келген. Акча өтө көп да , аз да эмес. Vesti.kg сайты Жогорку Кеңештин депутаттарынан Ишенбай Кадырбековдун эсептөөлөрү тууралуу эмне деп ойлошоорун сурамжылоону чечти.

Ошентип, «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Аида Исмаилова буга таң калгандыгын билдирди.

- Мен, чынын айтсам, мындай акча тууралуу биринчи жолу угуп жатам, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Саясий партиялардын акчасы шайлоо алдындагы көрүлүүчү даярдыкка кетет. - Эгерде Кадырбеков мындай суммаларды айтып жаткан болсо, демек ал саясий партиялардын акча эмнеге жумшалгандыгы тууралуу эсеп берээри тууралуу да билсе керек. - Бирок мен мындай өлчөмдөгү акчаны биринчи жолу угуп жатам.

Ошону менен бирге Исмаилова акыркы шайлоодо өз жанынан бир да тыйын коротпогондугун билдирди. Эл өкүлү мыйзам буга жол бербей тургандыгын эскертти.

Өз кезегинде «Ата Мекен»фракциясынын дагы бир депутаты Каныбек Иманалиев Ишенбай Кадырбековдун сөзүно комментарий берүүдөн баш тартты.

- Мен мындай билдирүүлөргө комментарий бергим келбейт, - деп жооп берди ал Vesti.kg сайтына. - Убакытты биздин өлкө үчүн пайдалуу маселелерге жумшоо керек.

Бирок, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын өкүлү Исхак Масалиев Боршайкомдун мүчөсүнүн сөзүн толук негиздүү деп эсептеди.
- Мен Ишенбай Кадырбековдун сөзүнө толугу менен кошулам, - дейт Исхак Апсаматович Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Анын үстүнө, ал расмий маалыматтарды жарыя кылды. - Жөнөкөй гана арифметика: 778 миллионду 120га бөлөбүз - мына сизге 6,5 миллион сом. - Анын үчтүнө бул жарыя болгон маалымат. Ал эми чындыгында канча акча корогонун эч ким билбейт. Мен бул цифрага коркпой туруп эле дагы бир нөл кошмокмун. Эгерде элдерге ар бир добуш үчүн 1-2 миң сомдон беришсе, канча акча кеткендигин элестете аласызбы.

Ошону менен бирге эл өкүлү ал да шайлоо процессинин алкагында өз акчасынан кортууга туура келгендигин мойнуна алды.

- Ооба мен 30 миң доллардай акчамды короттум, бирок мыйзамда жазылгандай гана кылдым, - деп баса белгиледи Масалиев. - Акчаны партиянын кассасына салдым, анан ал жактан шайлоо кампаниясына жөнөтүштү. Документтер жана расмий эсеп берүү бар бул тууралуу.

Бакыт Чермашев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх