Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жылдызкан Джолдошева: Роза Отунбаева Кувейттин сыйлыгынан баш тартышы керек

Саясат талдоочу Аида Алымбаева Жогорку Кеңештин экс-депутатына нааразы болот

Өткөөл мезгилдин мурдагы президенти Роза Отунбаева дүйнөнүн чыгаан аялдарына арналган Кувейт сыйлыгы менен сыйланды.
Ал ортодо Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева өзбек укук коргоочусу Мутабар Жолдубаеванын жолун жолдоп Отунбаева да сыйлыктан баш тартышы керек болчу дейт.

- Мен жана биздин эл Роза Исаковна 2010-жылкы Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык жаңжалды басканда же басууга аракет жасаганда, биз бул жаңылыкка кубанат элек, - дейт Жолдошева Vesti.kg сайтына.

- Анын башкаруу мезгилинде аябай көп кан төгүлдү. Менин оюмча, ал сыйлыкты алууга акысы жок жана андан баш тартуусу керек болчу.
Ал арада Аида Алымбаева, тескерисинче, Роза Отунбаева Кувейт сыйлыгын алууга татыды деп эсептейт.

- Менин оюмча, анын чыгаан экендигинде талаш жок, - дейт Алымбаева Vesti.kg сайтына. - Менин көз карашымда, ал сыйлыкка татыктуу. Улут аралык жаңжал анын күнөөсү менен чыккан жок. Отунбаева кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык ресурсту жумшады. Биз Кувейт сыйлыгынын критерийлерине жана чечимдерине кийлигише албайбыз.

Түшүндүрө кетели, бул сыйлык жарандык сектордун өнүгүүсүнө салым кошкон адамдарга гана ыйгарылат. Мындай адамдардын стратегиялык көз карашы болууга тийиш жана иште жаңылыктарды колдонуу менен бирге чыгармачылык касети болуу керек.
Кувейт сыйлыгы аялдардын укугунун кеңейтилишине жана гендердик тең укуктуулуктун эл аралык деңгээлде турукташышына багытталган.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх