Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурат Суталиновдун жактоочусу: Сот оорулуу адамга адамгерчиликсиз мамиле кылып жатат

«Диагноз коюлган. Дагы эмнени аныкташ керек?»

Сот Мурат Суталиновдун иши боюнча процессти чын курандын тогузуна жылдыруунун формалдуу себептерин тапты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМК мурдагы төрагасынын жактоочусу Тимур Карабаев билдирди.

- Медициналык жыйынтык биринчи инстанция тарабынан изилденген, - деп эскертти ал. - Ал жактоочунун кайрылуусунун негизинде эмес, мамлекеттик органдын өтүнүчү менен чыккан. Эксперттерди дагы кайра экинчи жолу чакыртуунун кажети жок болчу. Азыркы учурда ал талаша турган нерсе эмес болчу. Эгерде биринчи инстанциянын соту шек санаса бул өтүнүчтү канааттандырмак эмес. Эми алар эмне үчүн адамдарды суракка алганы жатышат? Коюлган кол алардыкыбы же жокпу деп сурашабы? Бул иште эксперттердин деле бир нерсеге макул болбой турган өзгөчө ойлору деле жок. Диагноз коюлган. Дагы эмнени аныкташ керек?

Карабаевдин ою боюнча, сот процессти жылдыруунун формалдуу себептерин тапты.
- Чындыгында бул процессти кечеңдетүүнүн формалдуу себептери, - деп билдирди юрист. - Сот өз чечиминде Суталинов чыны менен ооругандыгын көрсөттү. Ушул факторлордон улам, биз мунун баары ойлонуштурулгандыгын билебиз. Процессти дагы үч жумага жылдырууга шылтоо керек болчу. Мунун баары адам өтө катуу ооруп жаткандыгына карабастан кылынып жатат.

Биз сот органдарынын ага карата таш боордугу, адамгерчилигинин жоктугу тууралуу айтабыз. Уктурууну чын курандын тогузуна жылдырышты. Эмне үчүн эки же үч күнгө жылдырышпайт? Бул жерде акылга сыйбаган жорук болуп жатат.

Эске салсак, мурда билдиргендей, Бишкек шаар соту катуу оорулуу УКМК мурдагы башчысы Мурат Суталиновду бошотуу тууралуу өтүнүчтү кароо ишин жалган курандын жыйырмасына жылдырып койгон
Бирок белгиленген күнү процессти кайрадан жылдырып салышты.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх