Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Келдибеков менен Өмүркулов да Тиматинин бургерин укканда токтоно албай калышты (видео)

Белгилүу саясатчылар бекер фастфуддан жегени келишти

Кечээ ордо калаабыздын «Азия Молл» соода борборунда Black Star Burger тез тамактануучу ресторандын расмий ачылышы болду. Бул ишкананын ээси - орусиялык белгилүү рэп-аткаруучу Тимати (Тимур Юнусов) - ар бир кыргызстандыкка бекер бургер таркатам деп убада берген.

Жарандар соода борборунун алдына артист келээрден бир нече саат мурда топтолушту. Социалдык тармактын колдонуучулары имараттын алдындагы бул төө бастыны видеого тартып алышкан.

Тиматинин бекер бургерин жейбиз дегендердин арасында белгилүү саясий ишмерлер, Жогорку Кеңештин Иса Өмүркулов, экс-спикер Акматбек Келдибеков жана башкалар жүрүштү. Алардын сүрөттөрү фейсбук социалдык тармагында таркады.



Тармактын колдонуучулары дароо эле бул көрүнүшкө жооп кылышып: «Ачка калышкансып депутаттар эмнеге келишти», деп жазып чыгышты. Айрымдары болсо, чиновниктер да ушундай жол менен элге жакындагысы келет дешти.
Ошону менен бирге ЖМК видео таркады, анда Кыргызстандын белгилүү чиновниктери колдоруна black star burger кармап жүрүшөт.




Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх