Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Насыр Мусаевди мандатынан ажыратышат. Ал бир жылдан бери жумушка келе алган жок

Анын ордуна «Кыргызстан» фракциясынын катчылыгынын жетекчиси Айнура Аскарованын келиши күтүлөт

«Кыргызстан» парламенттик фракциясы бир жылдан бери Жогорку Кеңештин жыйындар залына келе албаган Насыр Мусаевдин мандатын алуу маселесин чечүү өтүнүчү менен тийешелүү комитетке кайрылды. Бул тууралуу фракция лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

- Регламент боюнча, эгерде депутат катары менен 30 күн жумушка келбесе, анда аны жумуштан четтетүү маселеси чечилет, - деп түшүндүрдү Баатырбеков. - Мусаев комитеттин жыйынына да, фракция жыйынына да катышкан эмес. Ал 45 жыйынга келе алган жок.

Анын айтымында, Мусаевдин келбеген себеби анын микроинсульт алгандыгына байланыштуу. Бул алдын ала фракция мүчөлөрүнө эскертилген болчу.

- Анын саламаттыгы мандат ала электе эле жакшы эмес болчу, - дейт эл өкүлү. - Анын үй бүлөсү анын азырынча иштей албастыгын, бирок регламентти эске алууларын айтышкан. Мен фракциянын атынан тийешелүү комитетке бул маселени чечүүнү өтүнүп кайрылгам.

Депутаттын айлык алган же албагандыгы азырынча белгисиз. Баатырбеков бул суроого жооп бере алган жок.

Тизме боюнча кийинки орунда Айнура Аскарова турат, ал катчылыктын кызматкери болуп иштейт.

Эске салсак, Насыр Мусаев депутаттык кызматка 2018-жылы чын куранда келген.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх