Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

РИИБ начальниги коттедж сатып алды деген пансионаттын директору бул жерде мыйзамсыздык жок деп ырастады

Администрациядагылар эс алуу үйү бардык нормаларга ылайык экендигин айтышты

Кечээ жалпыга маалымдоо каражаттары Ысык-Көл облустук ИИБ начальниги Нургазы Увалиев, Корумду айылындагы «Симирам» пансионатынан коттедж сатып алып жашап жаткандыгы тууралуу маалыматты жайылтышты. Ошону менен бирге, ал пансионаттын Мамэкотехинспекциянын талаптарына жооп бербегендигин билдиришкен.

Ал ортодо Vesti.kg сайты «Симирам» пансионатынын директору Самат Азаровго кайрылып, мекеме тууралуу айтылган маалыматтардын канчалык чындыгы бар экендигин билүүнү чечти.

- Жалпыга маалымдоо каражаттары туура эмес маалымат таркатты, - деди ал. - Биз үч жылдан бери бул пансионатты куруп бүтүрдүк. Бул жерге көрк бердик. Быйыл таза экология боюнча көз карандысыз программада биринчи орунду ээледик. Ысык-Көл району боюнча 200 пансионаттын ичинен бардык параметрлер боюнча алдыда турабыз.

Ошону менен бирге, өзүн Рахат деп тааныштырган «Симирам» пансионатынын администратору, Vesti.kg сайты менен болгон маегинде келген меймандардын эч нерседен муңбай кетишээрин белгилеп өттү.

- Келген конокторго биздин тейлөөбүз жана сервисибиз жагат, - дейт ал. - Бизде баары жаңы номерлер. Эми ар кандай адамдар болот, ошого жараша ар кандай учурлар да болот.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх