Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын тышкы иштер Министрлигинин америкалык элчиге берген эскертүүсү - бул Кремлге жүгүнүүбү?

АКШ Мамлекеттик департаменти кыргызстандык атка минерлерге ишенбейт. Америкалык элчилер Кыргызстандагы кырдаалды бир гана бейөкмөт уюмдардын берген эсеби боюнча баалашат

Кыргызстандын аймагында ондогон бейөкмөт уюмдар иштешет, аларды АКШ каржылайт. Саясат талдоочу Эсен Усубалиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде белгилеп кеткендей, Мамлекеттик департаментти кызыктырган маалыматтардын топтому бейөкмөт уюмдардын аткарган жумушунун бир гана бөлүгү. Америкалык атка минерлердин колундагы маалыматтар Кыргызстандын расмий бийлигинин маалыматынан айырмаланаары айдан ачык жана таң калыштуу эмес.

- Бул боло келчү нерсе, - дейт Эсен Усубалиев. - АКШ өкмөтү бейөкмөт уюмдарга ири суммадагы акча коротуу менен бирге, аларды мүмкүн болгон бардык материалдарды топтоочу курал катары колдонушат. Бул саясий өнүттөн алдганда өтө оңтойлуу, анткени мындай маалыматтарды колдонуу керектүү ачкыч катары болот.
Мамлекеттик департаменттин кимге көбүрөөк ишенүүсү тууралуу маселе кечээ Кыргызстандагы америкалык элчи Дональд Луну биздин тышкы иштер Министрлиги чакыргандан кийин жаралды. Жакында АКШ Мамлекеттик департаментиндеги адам укуктары тууралуу докладында Кыргызстандагы жогорку кызматтагы атка минерлердин камалышы саясий деп аталды.

Кыргыз элчилери маалыматты кайра текшерип көрүүнү өтүнүшүп, ал камоолор саясатка тийешеси жок коррупцияга айыпталып жаткандар дешти.
Баары бир саясат бар да. Эсен Усубалиев америкалык элчиге кылган эскертүү Орусиянын парезиденти Владимир Путиндин келээалдында Кремлге кылган жүгүнүүсү деп баса белгиледи.

- АКШ Мамлекеттик департаментине болгон нааразычылык бул биргана эки тараптуу мамиледеги жеке кырдаал эмес, бул деген стартегиялык өнөктөштөргө биздин кайсыл лагерде экендигибизди да көрсөтүү, - деп эсептейт эксперт. - Мындай элчилик кадам дүйнөлүк практикада боло келген нерсе, анын үстүнө жакында маанилүү саясий окуя болгон турат.

Бакыт Чермашев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх