Ташиев менен Бабановдун кучакташуусу. Саясатчылар биригүүнү чечиштиби? (сүрөт)
Эксперттер мындай болуп кетиши да мүмкүн дешет
Мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов азыркы бийлик менен келише албаган көрүнөт, ал эми Кыргызстанга келе албастыгына көзү жетип, башка жолду тандады. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Марс Сариев билдирди.
Түшүндүрө кетели, кечээ мурдагы депутат Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы өз баракчасына Өмүрбек Бабанов менен түшкөн сүрөтүн жайгаштырды. Болжол менен ал сүрөт Москвада жалган курандын жыйырма бешинде тартылган.
«Бардык жакшылыктар эми гана башталып келе жатат! Жоолугушканча!» - деп жазат Ташиев.
- Бабановдун тарапташтары аны Кыргызстанга жакында келет деп ырасташты, ошол эле учурда УКМК келээри менен камайбыз деп билдирген, - деп эскертти Сариев.
- Мурдагы президенттикке талапкердин шартында бардык мүмкүн болгон кол берүүчүлөрдүн варианты каралат. Анткени менен анын Атамбаев менен биригүүсү күмөн. Азыр өтө татаал болгон саясий оюндар башталды.
Өз кезегинде дагы бир саясат талдоочу Кубат Султанбеков, Ташиев менен Бабановдун кошулуп кетүүсүнө ишенбей коюуга болбойт дейт.
- Биздин саясатчылар бир нече жолу айтышпадыбы, Кыргызстанда алар оппозиционер, ал эми чет мамлекетте жердеш болуп алышат, - деп белгилейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде.
- Ошондуктан баары болуп кетиши мүмкүн, Ташиев менен Бабанов балким тааныш катары жоолугушкандыр, мындан саясат издөөнүн кереги деле жоктур балким. Анткени менен Камчыбек Ташиев саясий максатына Бабанов менен болгон жоолугушуусун пайдаланышы мүмкүн.
Кубат Черикчиев эгерде Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, анда Ташиев экөөнүн биригээри бышык.
- Негизги максат бийлик да, - деп сөзүн бүтүрдү ал.
Эске салсак, мурда Ташиев менен Бабанов «Республика - Ата-Журт» партиясынын теңтөрагалары болушчу.
Вероника Малышева
Сүрөт www