Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эгерде Кыргызстан бул жолу ММУ филиалын ачууга макул болбосо, анда кийин сунуш кылышпайт»

Орусиялык жогорку окуу жайынын ректорунун сөзү боюнча, бул демилге алты жолу четке кагылган

Эгерде Кыргызстан бул жолу да Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын ачылышына макулдук бербесе, анда экинчи бул сунушту кылышпайт. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы билим берүү министринин орун басары Элмира Иманалиева билдирди.

- Дүйнөгө аты чыккан жогорку окуу жайынын ачылышына алты жолу каршылык кылган биздин чиновниктер тууралуу угуу кулакка жагымсыз, - деп белгилейт ал. - Мунун баары ыкшоолуктан. ММУ деген дүйнөдөгү эң мыкты деген жогорку окуу жайынын бири болуп саналат. Бул окуу жай бизге ачылса билим берүү деңгээли көтөрүлөөрү талашсыз эле.

Өз кезегинде билим берүү министринин кеңешчиси Кайрат Осмоналиев ММУ филиалы биздин атка минерлердин шалакылыгынан ачылбай жатат дейт.

- ММУ - бул постсоветтик мейкиндиктеги бренд жана сапаттуу билим берүүнүн белгиси, - деп түшүндүрөт ал. - Филиалда окуу алда канча арзан болмок, бирок билим берүүнүнсапатына филиалдын директору эмес, ректор жооп берет. Андан сырткары, жакшы окуган студенттерге университеттин башкы кеңсесинен бюджеттик орундар даярдалат. Эреже боюнча, чет элдик окуу жайдын ачылышы өкмөтаралык келишимдердин алкагында болот. Албетте, бул маселеде билим берүү Министрлигинин да ролу чоң.

Түшүндүрө кетели, бүгүн Бишкекте кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын форуму өтөт.

М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий Кыргызстанга алты жолу филиал ачканга макулдук бергендигин айиып берди.

«Мен ММУ филиалын ачканга алты жолу макулдук бердим, бир жолу алтургай билет алып, Бишкекке да бармак болдум. Бирок натыйжа чыккан жок. Бул жерде Москванын күнөөсү жок», - деп белгиледи Садовничий.
Ал кыргызстандык кесиптештерине бул тууралуу дагы бир жолу ойлонуп көрүүнү сунуштады.
«Биз болсо өз кезегинде баарын кылууга даярбыз. Мен жетинчи жолу макулдук берүүгө даярмын», - деп сөзүн аяктады ал.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх