Кыргызстандын жана Орусиянын ЖОЖ ректорлорунун форумунун алкагында 79 келишимге кол коюшат
Тактап айтканда, Ж. Баласагын атындагы КМУ Москва мамлекеттик университети менен кызматташа баштайт
Мекеменин маалыматы боюнча, Кыргызстан менен ОрусиянынЖОЖ ректорлорунун «Илим жана билимди өнүктүрүү - келечекке инвестиция» форумунун биринчи талаасында 79 келишимге кол коюлат. Анда эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимдер жана Кыргызстан менен Орусиянын ЖОЖдорунун ортосундагы долбоорлор жана биргелешкен программаларды ишке ашыруу каралат.
Анын ичинде төмөнкүлөргө кол коюлат:
1. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу келишим;
2. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Москва педагогикалык мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу келишим;
3. И. Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу келишим;
4. К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети менен М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу келишим;
5. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы менен Оренбург мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу келишим;
6. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба университети менен Астрахань мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтык тууралуу келишим;
7. Ошо мамлекеттик университети менен Казан федералдык университетинин ортосундагы өз ара ымалага келүүсү тууралуу меморандум.
КР илим жана билим берүү Министрлигинин маалымат кызматы
Сүрөт www