­
«Балким, эсиңиздедир». Мурат Суталиновдун аялы Владимир Путинге кайрылды - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Балким, эсиңиздедир». Мурат Суталиновдун аялы Владимир Путинге кайрылды

Ал Орусиянын президентинен катуу оорулуу мурдагы УКМК башчысынын кордолушуна карата өз пикирин билдирип коюусун өтүндү

Гульнара Суталинова – камактагы УКМК мурдагы төрагасынын аялы, социалдык тармактагы өз баракчасына учурда расмий сапар менен Бишкекке келген Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдоду.

«Урматтуу Владимир Владимирович! Менин күйөөм, Суталинов Мурат, сизге окшогон офицер, ал өз өмүрүнүн көп бөлүгүн мекенине кызмат кылууга арнады.

Балким, Сиз ал сиздин эсиңиздедир, же сизге ал жөнүндө кабар беришет.

Аскердик бир тууганчылыктын мыйзамы боюнча, офицердик намыс болсо, адамдарды мекен алдында ак кызмат өтөп жургөн кезде кыйынчылыкка таштаганга мүмкүн эмес. Менин оюмча, бул нерсе Кыргызстанда да, Орусияда да бирдей. Биз баарыбыз качандыр бир убакта бир өлкодо жашаганбыз жана азыр да бири бирибизден анча айырмаланбайбыз.
Адамгерчилик менен кайрымдуулук жок болуп кете элек. Сиз жөн гана катуу ооруп жаткан офицердин кордолушуна карата өз пикириңизди гана билдирип коё аласыз.

Эгерде биздин делегациядагы Орусия менен Кыргызстандын президенттеринин жоолугушуусуна катышкан кимдир бирөө менин сөздөрүмдү В.В. Путинге жеткирип коё турган болсо мен Сиздин адамгерчилигиңизге чексиз ыраазы болмокмун».

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх