Владимир Путин Кыргызстанга учуп келди
«Манас» аэропортунда аны президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды
Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келди. «Манас» эл аралык аэропортунда аны президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Жоолугушуунун расмий аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.
Эки өлкөнүн башчылары жабык чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт, андан ары кеңири чөйрөдө эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү жүрмөкчү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында документтерге кол коюшуу күтүлөт. Орусия менен Кыргызстандын президенттери биргелешип маалымаи кызматкерлерине билдирүү жасашат.
Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи аймактар аралык жыйынына катышуу жана Ч. Айтматовдун үй-мүзейине баруу ниеттелип жатат.
Президенттин аппааратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www