Владимир Путин кыргызча сүйлөдү
Орусиянын президенти ардактуу кароолго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде амандашты
«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясындагы протоколдук жоолугушууда Владимир Путин ардактуу кароол менен кыргыз тилинде амандашты.
«Саламатсыңарбы, аскерлер!», - деп Орусиянын президенти кыргыз аскерлерине кайрылды.
Буга ардактуу кароол жооп иретинде салам айтты.
Эске салсак, бүгүн Бишкекте мамлекеттик иш сапары менен Орусия президенти Владимир Путин учуп келди. Аны менен бирге орусиялык атка минерлер жана бизнес өкүлдөрү келишти. Көптөгөн документтердин паккетине кол коюшуу күтүлүп жатат, анын ичинде Канттагы аскердик базанын да макамы өзгөртүү бар.
Айрым маселелерди Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин жабык эшик артында сүйлөшүшөт.
Вероника Малышева
Сүрөт www