Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

В.В. Путин: Орусия Кыргызстанды аскердик техника менен камсыз кылууну колго алат

Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президентине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге өз ара кызматташтык мамилелериндеги түшүнүшүүсү жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

- ЕАЭБ Кыргызстандын интеграциясы үчүн орусиялык тараптын көрсөткөн жардамы биз ыраазыычылык билдиребиз, - деп белгиледи Кыргызстандын президенти. - Биздин мигранттарыбызга миграциялык мунапыс берилгендиги үчүн ыраазыбыз. Акыркы убакта биздин мамилелер мурункудан да жакын болуп жатат.
Өз кезегинде Орусия президенти Владимир Путин аны Кыргызстанга чакыргандыгы үчүн ыраазы экендигин билгизди.

- Мен бул иш сапардын алкагындагы иштер жемиштүү жана ийгиликтүү болот деп ишенем, - деди ал. - Биз соода-экономика жаатындагы мамилелердин өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурабыз, анткени бул жаатта жакшы көрүнүштөр бар.

Ошону менен бирге ал Кыргызстанга Орусиянын 28 аймагынан 200 ашык ишкердин келгендигин белгилеп кетти.

- Орусиялык ишкерлер бизнес маселесин талкуулаганы келишти, - деп түшүндүрдү Путин. - Андан сырткары, биз аскер техникасы менен камсыз кылууну колго алабыз. Кыргызстандын аскер адамдары Орусиянын жакшы жогорку окуу жайларында окуй алышат.

Эске салсак, Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен келди.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх