Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда келээрки жыл Кыргызстандын жылы болот

Биздин өлкөдө да Орусия Федерациясы менен болгон кызматташтыкты белгилешет

Эмдиги жыл Орусия менен кызматташтыктын Жылы болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

- Бүгүн Владимир Путин менен сүйлөшүүлөр жүрдү, биз чечим кабыл алдык, - деди ал. 2020-жыл Орусияда Кыргызстан менен кызматташтыктын Жылы болуп эсептелет. Ал эми бизде болсо Орусия Федерациясы менен юболгон кызматташтыктын жылы болот.

Жээнбеков Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү катарында кала берээрин айтты.

Өз кезегинде Путин сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы соода-экономикалык кызматташтык болгондугун кошумчалай кетти.

- Былтыр товар жүгүртүү 17 пайызга жогорулаган, быйыл дагы 25 пайызга көтөрүлдү, - деп тактады ал. - Азыр мен ар кандай жааттагы келишимдерге кол койдум. Орусия үчүн Кыргызстан маанилүү өнөктөш, көп жылдан бери сыналган шерик.
Биз достукту чыңдоону улантабыз. Эмдиги жыл Кыргызстан менен Орусия бири бирин белгилей турган жыл болот. Биз Сооронбай Шарипович менен бирге ар кандай иш чараларды өткөрүүгө бай программаларды даярдоону тапшырдык.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх