Текебаев менен Жапаровду колдоо митингине Орусиянын бардык шаарларынан мигранттар учуп келишет
Уюштуруучулардын бири нааразычылык акциясы белгисиз мөөнөткө чейин болоорун билдирди
Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапташтары аларды актамайынча тынчтык митингине чыга беришет. Бул туурасында «Мекенчил» партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков билдирди.
- Биз белгисиз мөөнөткө чейин митинг өткөрөлү деп жатабыз, - деди Аспеков. - Эгерде аларды актабаса, анда биздин эки партия оппозициялык блок түзөт. Биздин чыдамыбыз кетти. Ошол күнү Орусиянын бардык шаарларынан мигранттар учуп келишет.
Аспековдун маалыматы боюнча, Жапаровго каршы көрсөтмө берген кээ бир адамдарга УКМК басым кылган.
Андан сырткары, ал саясий камактагылардын бошотулушу президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн кызыкчылыгы үчүн дейт.
- Азыр Сооронбай Жээнбековдун саясий абалына мышык ыйлайт, - деп эсептейт активист. - Жакын арада Бабанов учуп келем деп жатат, Атамбаев болсо оппозицияга кирди. Ага жаңы душмандын эмне кереги бар? Көптөгөн саясий камактагыларды быйыл абактан бошотту, бирок электораты көп, күчтүү инсандарды бошотпой жатат. Бийлик алардан коркуп жатат.
Айтылган тынчтык митинги быйыл чын курандын жыйырма үчүндө болот. Аны уюштуруучулар «Ата-Мекен» жана «Мекенчил» партиялары. Нааразычылык акциясын уюштургандардын айтымында 6 миң киши катышканы жатат.
Эльдос Казыбеков
Сүрөт www