Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каржы полициясы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү тууралуу маалыматтарды берүүдөн баш тартты

ЭКККМК маалыматтар сотко чейинки териштирүүнүн кызыкчылыгы үчүн берилбейт деп түшүндүрдү

Социалдык тармактардын колдонуучулары МБК төрагасынын мурдагы орун басарынын мүлкүн текшерүү аябай созулуп кеткендигин айтып жатышат. Ушул себептен ЭКККМК маалымат кызматына Vesti.kg сайты кайрылды.

- Каржы полициясы тарабынанРайымбек Матраимовго карата сотко чейинки териштирүү болуп жатат, - дешти андагылар. - Бардык жагдайларды ар тараптуу жана калыс иликтөө максатында сотко чейинки териштирүүнүн маалыматтары аягына чыкмайынча берилбейт. Текшерүүнүн жыйынтыктары кошумча билдирилет.

Эске салсак, 2018-жылы бештин айынын он тогузунда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовдун коррупцияга тийешеси бардыгы тууралуу арыз фактысы боюнча текшерүу боло тургандыгын билдирген болчу. Кийинчерээк экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын кызматкерлери бажы кызматынын башчысынын төрагасын текшщерүүго алып жаткандыгы белгилүү болду.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх