Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Гайпкулов: Мелис Мырзакматов мени менен бул теманы талкуулаган эмес

КСДП Атамбаевдин тушунда бийлик Оштун экс-мэринен актоочу өкүм чыгарууга жарым миллион сурагандыгы тууралуу маалыматка комментарий берген жок

Издөө жарыяланган Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстанга кайтып келгени жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын тарапташы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гайпкулов билдирди

- Албетте анын кайтып келүүго ниети бар, бирок анын ишин Жогорку сот карай элек, - деп белгиледи ал. - Азыр жактоочу иштеп жатат.

Ошону менен бирге депутат Мырзакматовдун жакында «Жаңы Ордо» гезитине берген билдирүүсүнө комментарий берди. Анда Алмазбек Атамбаевдин бийлиги андан актоочу өкүм чыгаруу үчүн жарым миллион доллар сурагандыгы айтылган.

- Мен жеке өзүм бул тууралуу билбейм, мени менен бул теманы талкуулаган эмес, - деп түшүндүрдү Гайпкулов. - Мындай нерселер жекеме жеке гана башка адамдардын катышуусусуз өтөт.
КСДП ал арада качкын шаар башчынын сөзүнө төмөнкүчө комментарий берди:

- Кайсы атка минер тууралуу кеп болуп жаткандыгы белгисиз, - деди КСДП маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева. Алмазбек Шаршеновичтин тушунда иштеген адамдар азыр жок. Биз Мырзакматовдун сөзүндө ким тууралуу кеп болуп жаткандыгын билбей туруп, комментарий бере албайбыз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх