Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фарид Ниязов өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий буйрутма деп атады

Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси ИИМ башчысына ачык кат менен кайрылды

Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы өзүнө козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп атады. Бул тууралуу ал ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жазган ачык катында жазган.

«Алынган маалыматтарга ылайык, ИИМ милиция кызматкерлеринин демилгеси менен Максат Чегирткеев деген жаранды алып келишкен, - деп белгиледи Ниязов. - Ага Мамлекеттик комиссиянын чечими менен бөлүнүп берилген 2010-жылкы апрель окуясынан жабыркоочу катары ала турган 200 миң сомду менин тартып алгандыгым тууралуу арыз жазууну сунуш кылышкан».
Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси милиция кызматкерлеринин Максат Чегирткеевди журналисттерге интервью бергенден кийин табышкандыгын билдирди.

«Мен мурда милиция кызматкерлеринин укук коргоочулардын ролун аткаргандыгын көргөн эмесмин, адам укугу үчүн күрөшүп жатышат, - деп жазат ал. - Жогорудан тапшырма болгондугун билип эле турам. Ошондуктан, мен бул окуяны саясий деп атаганга укугум бар, ал эми ИИМ кызматкерлерин болсо аткарууга жумшаган».
Ниязов өзүн айыптоону эмнеге абсурд деп атагандыгын түшүндүрдү.

«Ошол убакта мен жетектеген Мамлекеттик комиссия жогоруда айтылган сумманы каржы Министрлигинин атайын эсебине кайрып берген, жана бул суммага Чегирткеевдин үй бүлөсү менен Сочиге эс алып келүүсүнө жол берген эмес, - деп белгиледи ал. Ал жактан ал реабилитация курсунан өткөгө ниеттенген. Мамлекеттик комитеттин мүчөлөрү аны реабилитацияны Кыргызстандын аймагындагы санаторияларда өтүүнү сунуш кылышты.
Убагында Мамкомиссия саламаттык сактоо Министрлигине Чегирткеевдин Кытайдын бир клиникасынан операция болушу үчүн 4 миллион сом бөлдүрүп берген. Кыргызстанда андай операция кылууга мүмкүн эмес экен. Кудай жалгап операция ийгиликтүү болуп, Чегирткеев бутуна турду. Биз аны баарыбыз Бишкектен ардактап тосуп алдык. Кубандык. Саламаттык сактоо Министрлигинде калган арткан акчага Чегирткеев Сочиге барып үй бүлөсү менен эс алууну каалаган. Анын каалоосун аткарууга мүмкүн эмес болчу, анткени Мамлекеттик комиссия чет мамлекетке барып эс алууга акча бөлө алмак эмес, себеби бизде Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүк бар болчу. Анын үстүнө акча ага эмес, саламаттык сактоо Министрлигине бөлүнгөн да».

Президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси интервьюнун пайда болушу да кокустан болбогондугун айтат.

«Максат Чегирткеев - Эмилбек Каптагаевдин өкүл баласы, ал азыр Алмазбек Атамбаевге каршы активдүү күрөшүп жатат, - деп түшүндүрдү себебин ал. - Анткени менен Каптагаев маселени эң туура билет деп ойлойм, ошондуктан интервью менен гана чектелди. Ал Чегирткеевге ИИМ жалган билдирүу берүү тууралуу кеңеш бермек эмес. Мен ИИМ бул маалыматтарды башка кишилерден алгандыгына бөркүмдөй ишенем.

Сөзүнүн аягында Ниязов өзунө каршы багытталган иш аракеттин баары жакында боло турган КСДП съездин үзгүлтүккө учуратуу максатында деп билдирди.

ИИМ жогоруда айтылган кылмыш иши тууралуу маалыматка комментарий беришти.

«2019-жылы жалган курандын жыйырмасында КР ИИМ Тергөо кызматына Фарид Ниязовду кылмыш жообуна тартуу арызы менен Максат Чегрткеев кайрылды, - деп түшүндурдү мекемеден. - Анын сөзу боюнча, 2017-жылы алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Анын Сочиге барып дарылануусу зарыл экендиги тууралуу адрыгерлердин корутундусуна карабай, саламаттык сактоо Министрлигине ал үчүн бөлүнгөн 200 миң сом акча каражатын кайра чакыртып алышкан. Жыйынтыгында анын ден соолугу кескин түрдө начарлап жана моралдык жактан басмырланууну сезген».

Көрсөтүлгөн арыз 2019-жылы жалган курандын жыйырмасында Кыргыз республикасынын ИИМ маалымат каттоочу журналына катталган. Ал эми материалдар болсо Кыргыз Республикасынын Башпрокуратурасына жөнөтүлдү.

«Ошол эле күнү Башпрокуратурада Чегирткеевдин арызын кылмыш жана жоруктарды каттоонун Бирдиктүү реестрине каттады, ал КР ЖК 320 беренесинин 4 бөлүгүндө каралган «Кызмат абалынан өзүнүн кызматтык кызыкчылыгына каршы колдонуу, атайылап же байкабай зыян келтирүү» боюнча катталды. Кылмыш жана жоруктарды каттоо реестринин материалдары КР ИИМ Тергөө кызматына жөнөтүлдү. Андан ары юридикалык баа берилип жана сотко чейинки иштер уюштурулат. Бул айтылган иш боюнча ИИМ ыкчам-иликтөө тобун түздү. Учурда кылмыш иши боюнча ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп жатат», - деп аяктады ИИМ.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх