Башпрокуратура Фарид Ниязов кылмыш ишинин катышуучусу экендигин ырастады
Бардык материалдар ИИМ өткөрүлүп берилди
Максат Чегирткеевдин арызы боюнча президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго кылмыш ишин козгошту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Башпрокуратурадан билдиришти.
- Бардык материалдар кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды, ИИМ ишти иликтеп баштайт, - деп белгиледи көзөмөл органы.
Эске салсак, кечээ Vesti.kg сайты Фарид Ниязовго кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу кептердин социалдык тармактарда таркагандыгын жазган.
Маалыматты таркаткан тармактын колдонуучусу кылмыш ишинин козголгондугун тастыктаган кандайдыр бир документтин сүрөтүн да кошо тиркеген. Анда сотко чейинки териштерүү ишинин башталгандыгы айтылган.
Вероника Малышева
Сүрөт www