Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттарды премьер же вице-премьер кылып дайындаган учурда мандатын алып салышат

Айнуру Алтыбаева «Кыргыз Республикасынын өкмөтү тууралуу» мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуш кылат

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева «Кыргыз Республикасынын өкмөтү тууралуу» конституциялык мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуш кылат. Эл өкүлү депутаттын премьер-министр же вице-премьер болуп дайындалган учурунда мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укугун токтотуу тууралуу механизмди иштеп чыкты. Мыйзамдолбоор коомдук талкууга коюлду.

Алтыбаеванын ою боюнча, депутаттын мөөнөтүнөн мурун ыйгарым укугунун токтотулушу премьер-министр же вице-премьер болуп дайындалышына байланыштуу болсо эки учур каралат:

- Эгерде аны менен фракциянын ортосунда келишим болсо жана ага депутаттык мандаттын жарымынан көбү болушу керек;
- Ал эми башка учур болсо коалициялык келишимде каралган эмес.

Бул мыйзамдолбоордун демилгечисинин Vesti.kg сайтына түшүндүргөнүнө караганда, түзөтүү киргизүү зарыл. Анткени азыркы учурда бул механизм өкмөттүн мыйзамында да, Жогорку Кеңештин регламентинде да жазылган эмес.

- Мурда Башмыйзамга эл өкүлү премьер, же вице-премьер болуп дайындалса депутаттык мандатынан айрылбайт деп түзөтүү киргизилген, - деп эскертти ал. - Анткени менен Негизги мыйзамда бардык кырдаалдар жазылган эмес. Ал жерде бир гана концептуалдык нерселер бар. Ошондуктан тийешелүү конституциялык мыйзамга түзөтүү киргизүү зарыл.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх