Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Элмурза Сатыбалдиев саясатка кайтып келээрин жар салды

Экс-башпрокурор Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салыша тургандыгын ырастады

Мурдагы Башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче саясатка кайтып келүүгө мажбур экендигин билдирген. Ушул себептен Vesti.kg сайты комментарий үчүн ага кайрылды.

- Мен саясатка жан дилим менен барам, - деп ырастады ал Vesti.kg сайтына. Жогорку Кеңешке барам. Болбосо мени башка бир жакка дайындаганы турат дейсиңерби?

Эске салсак, Элмурза Сатыбалдиев башкы прокурорлукту Курманбек Бакиевдин тушунда ээлеген. Кийинчерээк аны мамлекет башчыга кеңешчи кылып дайындашты. Ал 2010-жылкы апрель окуясында карапайым элге курал колдонду деп айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Сатыбалдиев боштондукка чыккан.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх