Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алишер Мамасалиев: Бакыт Төрөбаев экөөбүздүн ортобузда эч кандай араздашуу болгон эмес

Экс-депутат «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан эмнеге чыга тургандыгын түшүндүрдү

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын кете тургандыгын билдирди. Бул тууралуу саясатчы Фейсбук социалдык тармагындагы өз баракчасына жазып чыкты.

Мамасалиев партиядан кетүүсүнө лидер Бакыт Төрөбаев менен көз караштары келишпей калгандыгы себеп болгондугун айтты. Ал ортодо Vesti.kg сайты мурдагы эл өкүлүнө кайрылып, бул келишпестиктердин жаралышын толугураак баяндап берүүсүн өтүндү.

- Мен Бакыт Төрөбаев экөөбүздүн көз карашыбыз белгилүү бир маселеде келишпей калды деп айтуудан алысмын, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Алишер Мамасалиев.

- Биз он жылдан бери бири бирибизди билебиз. Биз экөөбүз Жогорку Кеңештин IV чакырылышында кесиптеш да болгонбуз. Биз бир гана иш менен эмес, достук да мамилебиз бар болчу. Ал эми саясатчынын көз карашынын өзгөрүшү кадимки эле көрүнүш. Бул жерде эч кандай араздашуу болгон жок. 2017-жылкы президенттик шайлоо бүткөн соң менин «Өнүгүү-Прогресстеги» миссиям бүттү. Биз Бакыт Эргешович экөөбүз дос бойдон калдык. Менин оюмча, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын келечеги алдыда.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх