Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Зилалиев ага Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү сунушун кылышкандыгын билдирди. УКМК жообу

Экс-вице-премьердин сөзү боюнча, эгерде ошондой кылса аны боштондукка чыгарууга убада беришкен

Камакка алынган экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев көрсөтмө берүүдөн баш тартып, коомчулукка чаргытма билдирүү жасап жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМК маалымат кызматы билдирди. Алар мурдагы атка минердин катына жооп кылышты. Зилалиев өз катында ага экс-президент Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунуш кылышкандарын айткан.

- Бул маалымат чындыкка дал келбейт, - деп баса белгиледи Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов. - Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, ошого карабастан Зилалиев кандайдыр бир көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат. Ал мындай коомчулукту чаргыта турган албууттанган билдирүүлөрүн бир нече жолу кылды.

Сулайманов бул экс-вице-премьердин кезектеги эле жоопкерчиликтен качууга кылган аргасы деп баалады.

- Улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматы Зилалиевдин бул билдирүүсүн жоопкерчиликтен качып, саясий өңүткө алып чыгууга болгон араакет катары баалайт, - деп баса белгиледи ал.

Түшүндүрө кетели, Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн кайрадан коомчулукка кат менен кайрылды, анда 4 айдан бери УКМК тергөө абагында жатам, тергөө иштери болгон жок деп жаылган. Ал коомчулукту адаштырууга аракет кылып жатат.

«Жакында эле мени УКМК кызматкери чакырып алып, А.Ш. Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунуштады. Ооба, ушинтип айтты. Мына алардын болгон максаты! Эми мага кылып жаткан нерселер түшүнүктүү болду. Мени ушинтип сындырып, Атамбаевге каршы кызматташууга колдонгулары келет турбайбы.

Мага кытай компаниясынан кандайдыр бир лицензия алуу үчүн 1 миллион доллар алып, аны И. Илмиянов аркылуу Атамбаевге бергенмин деп көрсөтмө берүүмдү сунуш кылышты. Мен көрсөтмө берип, күбө катары өтө турган болсом, мени УКМК тергөө абагынан бошотууга убада беришти. Жиндикана! Албетте, мен макул болгонум жок. Эми мага козгогонт кылмыш иштин буйрутма экендиги ачыкталды жана адилет чечимге болгон үмүт үзүлдү». - деп жазат Зилалиев.

Эске салсак, 2018-жылы бештин айында, чекисттер экс-вице-премьер-министрдин үйүн тинтишкенде 2 миллион 900 миң сом жана 100 миң доллар акча, кымбат сааттар, ошондой эле үйүлгөн кызматтык күбөлүктөр табылган.

Башпрокуратура мурдагы атка минерге карата КР ЖК «Жооптуу кызматтагы адамдын мыйзамсыз баюусу» беренесинин 308-1 2 бөлүгүнүн 2 пункту менен кылмыш ишин козгогон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх