Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Казакстанда 12 жылга камалып калганы турат

Айыптоочу тарап Дамирбек Асылбек уулун жазасын өтөп бүткөн соң гана Казакстандан чыгарууну өтүнөт

Кыргыз Республикасынын экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 12 жылга камалып калганы турат. Бул тууралуу казак ЖМК билдирет.

Алматынын кылмыш иши боюнча адистештирилген райондор аралык соту атайын операция учурунда кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун иши боюнча уктуруу өткөрөт. Аны менен бирге сотто 11 жаран болду. Алар экономикалык аткезчиликке айыпталууда.

Прокурор соттон Дамирбек Асылбек уулун айыптуу деп табууну жана 12 жылга эркинен ажыратып, жазык аткаруу системасынын мекемесинде күчөтүлгөн кайтарууда жазасын өтөсүн деп өтүндү. Ошондой эле аны мекенине жазасын толук өтөп бүткөн соң гана кетирүүнү суранды.

«Жапбасовдуктар» УКТ болжолдуу лидери Есбол Жапбасовду мамлекеттик айыптоочу 15 жылга камалуусу тууралуу өкүм чыгаруусун соттон суранды. Калган айыпталуучуларга да аркандай мөөнөттөгү эркинен ажыратууларды суранышты.

Эске салсак, Дамирбек Асылбек уулу, ошондой эле кыргызстандык Уланбек Мурадилов менен Эмилбек Көчөрбаевди кыргыз-казак чегарасынан 2018-жылы бирдин айында атайын операция учурунда кармашкан.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан парламенттик фракциясынын мүчөсү Казакстандын жараны болуп саналат. Чын куранда аны мандатынан ажыратышкан.

Камалгандарды Казакстан Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 1 бөлүмү «Эл аралык кылмыштуу топту түзүү жана башкаруу менен бирге ага катышуу» жана 234-берененин 3 бөлүмүнүн 2 пункту «Евразиялык экономикалык уюмдун товарларын ири өлчөмдө чегара аркылуу мамлекеттик милдетти аткара турган ыйгарым укуктуу кишилердин алып өтүүсү» деген беренелер менен айыпталууда.

Асылбек уулу болсо аны Кыргызстандын сотуна өткөрүп берүүнү өтүндү, бирок анын өтүнүчү четке кагылды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх