Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-вице-премьер: Чек ара аймагындагы жашоочулардын азыр деле ар кандай жеңилдиктери бар

Абдырахман Маматалиев өкмөт жаңы мыйзам ойлоп таппай эле, азыркы мыйзамдын ишке ашырылышын көзөмөлгө алуусу керек деп эсептейт

Чегарага жакын аймактын жашоочулары үчүн азыркы мыйзам боюнча өзгөчө макам берилген, ар кандай жеңилдиктери бар. Ошондуктан жаңы мыйщам ойлоп таппай эле азыркынын ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу керек. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына чегара коопсуздугу маселелери боюнча экс-вице-премьер Абдырахман Маматалиев бөлүштү.

- Бул мыйзам иштелип чыкканда депутаттар чегара айылдарынын санын көбүрөөк киргизишкенге далалат жасашкан, - деп белгиледи ал. - Аткени менен мен ошондо буга каршы чыгып, өзгөчө макамды бир канча гана аймакка берүу керек деп айткам. Бул тизмеге чындап эле кыйын акыбалда турган аймактарды киргизүү зарыл. Өкмөт ушул мыйзамдын ишке ашышын көзөмөл кылса пайда болот.

Өз кезегинде Мамлекеттик салык кызматынын байкоочу кеңешинин мүчөсү Рита Карасартова депуттардын логикалык ой жүгүртүүсүнүн жоктугу негизги көйгөй деп эсептейт.

- Көп депутаттар өздөрү сунуш кылган нерсе менен болуп жаткан окуянын логикалык байлынышын көрө алышпайт, - деп түшүндүрөт ал. - Чегара аймагындагылардын көйгөйү менен салыктан бошотуунун кандай байланышы бар экендиги таптакыр түшүнүксүз? Азыр биздин айылдагы салыктар өтө эле аз суммада. Мисалы жер салыгы бир чоң короо үчүн 600 сом болот. Биз мамлекеттен бирдеме талап кылгандан мурда ага бир нерсе беришибиз керек да? Салык ошол үчүн түзүлөт.

Рита Рахмановна чегарага жакын жашаган кыргызстандыктар салыктан кыйналбагандыгын кошумчалады.

- Чегара аймагындагы жашоочуларга 600 сом салык төлөө көп деле кыйынчылык туудурбайт, - бирок алар чегаранын демаркация болбогондугунан кыйналышат, - деди ал. - Мен жакында эле Баткенде болуп келдим. Ал жердеги бир аял мага анын көчөсүндө Тажикстандын жарандары жашап жатышкандарын, ал жер акырындык менен тажиктерге өтүп кетпөөсү үчүн гана үйүн сатпай отургандыгын айтты. Ал жерде чегара деген жок да. Депутаттар болсо биз акырындык менен жерибизден айрпылып жаткандыгыбыз тууралуу ойлошпойт. Мына кыла турган иш аларга.

Эске сала кетсек, бүгүн парламентте кыргыз-тажик чегиндеги жаңжал талкууга алынды. Депутат Табылды Тиллаев кесиптештерине эч кандай чечим чыгара албасак да чегарага жакын аймактардын жашоосун жакшырталы деп билдирди.
«Келгиле аларды салыктан бошотолу, пенсия менен жөлөк пулдарын эки эсеге көтөрөлү», - деп сунуш кылды Тиллаев.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх