Асылбек Жээнбековдун «Замандаш» партиясын колдоого катыштыгы бар деген маалыматты төгүндөштү
Саясий биримдиктин төрагасы Жеңиш Молдокматов президенттин иниси алардын пиар-кампаниясына катышат деген айың кеп тууралуу комментарий берди
КСПД катарынан чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков «Замандаш» партиясынын пиар-кампаниясына активдүү катышат. Мындай деген маалыматтар кечээ жакында эле Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучуларынын арасында таркады.
Vesti.kg сайты комментарий үчүн «Замандаш»
партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовго кайрылды.
- Мындай маалыматтарды элдер кай жактан алгандыгын мен билбейм, Асылбек Жээнбековдун биздин партияга эч кандай тийешеси жок, - деп айтты ал.
Эске салсак, кечээ президенттин иниси Жогорку Кеңештин жыйынында расмий түрдө КСДП партиясынан чыккандыгын жарыя кылды.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www