Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Насыр Мусаевдин мандатын алуу маселеси чечилбеген бойдон калды

БШК анын депутатттык мандатын алуу тууралуу Жогорку Кеңештен эч кандай документ ала элек

Азыркы тапта Жогорку Кеңеш «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын Насыр Мусаевдин мандатын алуу тууралуу демилгесин карап жатат. БШК мүчөсү Назарали Арипов Vesti.kg сайтына билдиргендей, комиссия азырынча Мусаевдин ыйгарым укугун алуу тууралуу тийешелүү документтерди ала элек.

- Биз азырынча эч кандай документтерди ала элекпиз, - деди Арипов. - Жогорку Кеңеш бизге жазуу түрүндөгү документ жөнөтүп, анда Мусаевдин 30 күндөн ашык жумушка келдегендиги жазылышы керек.

Өз кезегинде «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков кесиптеши качан ыйгарым укугун тапшыраарын билбегендигин Vesti.kg сайтына айтты.
Эске салсак, быйыл жалган курандын жыйырма алтысында «Кыргызстан» парламенттик фракциясы Жогорку Кеңештин тийешелүү комитетине кайрылып, депутат Насыр Мусаевдин мандатын алуу өтүнүчүн айтышкан. Анткени ал бир жыл бою жумушка келе алган эмес.

Эл өкүлү ден соолугуна байланыштуу парламенттин жыйынына келе алган эместиги такталды. Азырынча ал депутаттын маянасын алгандыгы же албагандыгы тактала элек. Тизме боюнча депутаттык мансапка ээ болуучу адам Айнура Аскарова, ал «Кыргызстан» фракциясынын катчылыгын жетектейт.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх