Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев чегарадагы тоскоолдук тууралуу: Мен Казакстандын премьери менен үч жолу сүйлөшүү жүргүздүм

«Биз ЕАЭБ алкагында кол коюлган келишимдердин аткарылышын талап кылабыз»

Кыргызстан Евразиялык экономикалык уюмдун алкагында кол коюлган келишимдердин аткарылышын талап кылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында айтты.

Ал Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарына токтоло кетти, анын алкагында суммасы 6 млрд 135 млн рубль болгон 53 документке жан 4 өкмөт аралык келишимдерге кол коюлду.

Премьер Орусия Федерациясы Кыргыз Республикасынын экономикалык жана стратегиялык ишенимдүү өнөктөшү катары кала берээрин баса белгиледи.
«Тышкы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 6,7 млрд. долларды түзүп, 6,6 пайызга жогорулады. Орусия менен болгон соода 1,6 млрд. долларды түзүп, 56 млн. долларга өстү. Орусиядан түз келген инвестициялардын көлөмү 123 млн. доллар болуп, 25 пайызга көбөйдү. Албетте, бул сандар колдо бар кыргыз-орус кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү үчүн аздык кылат. Бүгүнкү күндө 700 ашуун биргелешкен ишканалар өз ишмердүүлүктөрүн ишке ашырып жатышат жана биздин алдыга койгон максатыбыз товар жүгүртүүнү 2 млрд. долларга жеткирүү. Ата мекендик өндүрүлгөн товарлардын 80 пайызы Орусияда жана башка ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдө колдонулат», - деп айтты Абылгазиев.

Министрлер кабинетинин башчысы «Газпром» АК менен болгон кызматташууга токтоло кетти, ал биздин өлкөнүн газтранспорттук инфраструктурасына 16 млрд. рубль инвестиция салды, республиканын 30 пайызын газ менен камсыздады.

«Жакында эле биз «Газпром» АК башкаруу төрагасы Алексей Миллер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк жана биздин максатыбыз калкты газ менен камсыз кылууну 50% чыгаруу», - деп айтты Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле, премьер Орусия президентинин сапарынын алкагында нефтегаз тармагындагы кызматташтыкка кол коюлгандыгын белгиледи.
«Стратегиялык инвесторлордун бул тармакка келиши үчүн кызматташтыктын жол картасы иштелип чыкты. Биз андан канча салык түшөөрүнө, кандай социалдык программалар ишке ашаарына, экономикага кандай салым болооруна жана канча жумуш оруну түзүлөөрүнө карап чечим чыгарабыз. Эгерде биздин кызыкчылыктарга туура келсе чечим кабыл алабыз. Буга каршы болгондор, экономиканы түшүнүшпөйт же жөн гана биздин нефтегаз тармагыбыздын өнүгүүсүн каалабагандар. Биз туура саясат жүргүзөбүз, ал биздин өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө багытталат. Бирок, албетте, мыйзамдын талаптарына карайбыз», - деп белгиледи Абылгазиев.

Премьер-министр Орусия менен Кыргызстан тоо кен иштетүү тармагында «Жерүй-Алтын» ири долбоорун ишке ашырып, жигердүү кызматташып жатат. Ал жерге 20 жыл ичинде 600 млн. доллар инвестиция салынат. Ошондой эле «Росгеология» компаниясы менен стратегиялык келишимге кол коюлду. Алар Кыргызстандын геология тармагына 1,2 млрд. доллар инвестиция салмак болушту.

Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик чегаранын кыргыз-казак аймагындагы көзөмө-өткөрмө пунктундагы кырдаалга да комментарий берди.

«Биз Евразиялык экономикалык уюмдун алкагында кол коюган келишимдердин аткарылышын талап кылабыз. Мен Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен үч жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Кыргыз Республикасынын делегациясы Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана биз жыйынтыгын жакынкы күндөрдө бере турган сүйлөшүүлөргө жетиштик. Биз келишимдердин аткарылышына жетишебиз. Өкмөттү аракетсиздикке күнөөлөп жаткандарга экономикалык мүнөздөгү конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү талап кылган маселелер болот, аларды терең ойлонуп чечүү керек деп түшүндүрүп кетээр элем», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх