Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭККМК: Адамкул Жунусовдун иши боюнча иликтөө иштери аягына чыкты

Бажынын мурдагы башчысына карата материалдар Октябрь райондук сотуна кароо үчүн жиберилди

МБК мурдагы башчысы Адамкул Жунусовдун ишин иликтөө иштери аяктады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЭККМК маалымат кызматы билдирди.

- ЭККМК кызматкерлери жалган курандын жыйырма экисинде Адамкул Жунусовго карата акт түзүштү, - дешти андагылар. - МБК мурдагы башчысына карата иликтөө иштери аягына чыкты. КР ЖК 247 бернесине ылайык түзулгөн акт Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. МБК урдагы төрагасынын иши жалган курандын жыйырма сегизинде Октябрь райондук сотуна кароо үчүн жөнөтүлгөн болчу. Ал жерден ага бөгөт чарасы көрүлүшү керек болчу. Адамкул Жунусов мурункудай эле УКМК тергөө абагында жатат.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Адамкул Жунусовго карата чын курандын төртүнө чейин камакта калуу бөгөт чарасы көрүлгөндүгүн жазган. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, ал Азербайжандан экстрадициялангандан кийин ооруканада болчу. Анын оорусунун диагнозун күч түзүмдөрү аныктаган жок.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку башчысына 2018-жылы баш оонада издөө салынган. Ага карата КР ЖК 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу) менен кылмыш иши козголгон. Каржы полициясындагылар Жунусовдун МБК башчысы болуп турган убагында ЖЧК «А» өкүлдөрү жана башка бажы кызматкерлери менен туруктуу коррупциялык байланыш түзгөн деп билдиришкен. Келтирилген чыгым 167 миллион сомго бааланган. Адамкул Жунусов Кыргызстандан качып кеткен соң АКШ жашырынып жүргөн. Бештин айынын бешинде ал Баку шаарына келген. МБК кызматынын мурунку башчысы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропорттон кармалган.

Адамкул Жунусов Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматын 2013-жылдан 2016-жылга чейин башкарган.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх