Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Депутат далилдеп берсин!». Атка минер эшектин териси менен аткезчилик кылганга катыштыгым жок деп билдирди

Мамлекеттик ветеринариялык инспекциянын башчысы Калысбек Жумакановдун сөзү боюнча, Тынчтыкбек Шайназаровдо Жогорку Кеңеште айтылган каржы полициясынын документтери жок

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук Мамлекеттик кызматынын башчысы Калысбек Жумаканов өзүн эшектин териси менен аткезчилик кылганга тийешеси бар деген сөздү четке какты.

Атка минер Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаровдо Жумаканов эшектин терисин сыртка алып чыкканга уруксат берген документтер жок экендигин билдирди.

- Каржы полициясынан алган кагаздарды көрсөтүп, далилдеп берсин, ал документтер анда жок! - деди ал. - Эшектин терисин экспорттогонго мен эч кандай уруксат берген эмесмин. Биз уруксат берүүчү документтерге мыйзамдын алкагында гана кол коёбуз.

Мамветинспекциянын башчысынын сөзүнө караганда, ал бир гана ондатранын терисин алып чыкканга уруксат берүүчү документтерди берген.

- Ал эми ондатранын териси деп эшектин терисин алып чыгууга болгон аракет тууралуу мен эч нерсе билбейм, - деп кошумчалады атка минер. - Бул суроону бизге бербейсиңер. Мен мамлекеттик кызматта иштеп туруп кантип эшек ферманы башкарам?!

Эске сала кетели, мурда эл өкүлү Тынчтык Шайназаров парламенттин трибунасынан туруп Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө эшектин териси экспорттолуп жаткандыгын жана аны фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук Мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов калкалап жаткандыгын билдирген болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх