Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Раим Матраимовдун кырдаалы президенттин кадырына доо кетирет

Саясат талдоочулар Роза Отунбаеванын бийлик Бажы кызматынын мурдагы орун басары тууралуу маселеге чекит койбой, коомчулуктун кыжырына тийип жатат дегенине макул болушат

Кечээ жакында өткөөл мезгилдин мурдагы президенти Роза Отунбаева «Азаттык» радиосуна берген интервьюсында коомчулук эмне үчүн мамлекет башчы Матраимовду жоопко тартпай жаткандыгына кызыгып жатышкандыгын айтты. Ал ушул тема эл оозунан түшпөй жаткандыгын белгилеп кетти.
Отунбаеванын сөзү боюнча, Матраимовдун Кыргызстанга жана башка мамлекеттерге тийгизген факторлору жаман экендиги айтылып жатат.

Ал ортодо мурдагы президенттин сөзүнө кошулуп, саясат талдоочу Кубат Султанбеков коомчулукта Раим Мактраимовдун жакын адамы коррупцияга каршы күрөшүү мекемесин жетектегендиги сөз болуп жаткандыгын билдирди. Бул туурасында ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

Матраимовдун бажы кызматынын башчысына орун басар болгон убактысына карата текшерүү жүргүзүлөөрү билдирилген болчу, - деп эскертет эксперт. - Менин көз карашымда, жыйынтыкты күтө туруу абзел. Текшерүүнүн жүрүшүндө бир кызыктуу факт бар, анын туугандарынын же тааныштарын бирөө коррупцияга каршы күрөшүү кызматын башкарат. Коомчулук да ушул тууралуу айтып жатат. Эл оозунда ушундай деген сөз бар. Анын канчалык чындыкка дал келе тугандыгы - башка маселе. Эл арасында Роза Исаковна айткан ойлор чыны менен бар. Матраимовдун маселеси президенттин коррупцияга каршы күрөшүүсүндө кадыр баркына доо кетирет.
Ал коомчулук бийликтин Райымбек Матраимов менен туугандык байлынышы бар экендигине кызыгып жаткандыгын белгиледи.

- Бул маселени чечип жана жыйынтык чыгаруу тууралуу Роза Исаковнанын оюна кошулам, -дейт Султанбеков. - Эл жыйынтыкты күтүп жатат. Алар бул иштеги курмандыкты күтүп жатышат. Ал кырмандык - жаңы бийлик өзү болот. Анткени эски бийлик менен иштешкендердин баарына кылмыш иши козголгон. Элдер жаңы бийликтин жүрүш турушун байкап жатышат. Ал канчалык деңгээлде таза экендигин жана Матраимовдор менен байланшы кандай экендигин карап көрүп жатышат. Коомчулукту ушул нерсе сарсанаа кылып жатат. Эгерде бул тууралуу экс-президент билдирген болсо, анда коңшу мамлекеттер да укту. Алар да президенттин бул кырдаалдан кантип чыгаарын күтүп жатышат.

Өз кезегинде укук коргоочу Адиль Турдукулов мына буларды айтты:

- Мен да Райым Матраимов тууралуу көп сөздөрдү уктум, - деп баса белгиледи ал Vesti.kg сайтына. - Бул киши эч качан жетекчи болгон эмес, дайыма экинчи адам болгон. Матраимов республика боюнча Бажы кызматынын төрагасына орун басар, ошондой эле түштүк боюнча куратор болчу. Бул ошол убактагы анын түздөн түз начальниктеринин коррупциялык схемага аралашкандыгын билдиреби? Эгер аларга да кылмыш иши козголсо мен бул ишти адилеттүү деп эсептейм.

Ошону менен бирге ал мамлекет башчынын ордунда болгондо МСК төрагасынын мурдагы орун басарынын күнөөсү тууралуу фактыны күтмөкмүн деп белгиледи.

- Мен президенттин оюнда эмне бар экендигин билбейм, - деп улантат Турдукулов. - Бирок мен анын ордунда болгонумда Матраимовдун коррупциялык схема менен болгон конкреттүү фактыларын күтмөкмүн. Эгерде ал аткезчиликтин товарларын ташыган болсо, анд аны Каржы полициясы, Башпрокуратура бизге жарыя кылышсын.

Бирок, эч ким жарыя фактыны кыла албаса, биз кантип эле жөндөн жөн бул тууралуу билдирбиз? Эгерде Матраимов уурдаган болсо, анда ошол убакта Бажы кызматын башкарган бийлик да кошо жоопкерчиликке тартылышы керек да. Эгерде биз укуктук мамлекет курабыз десек анда фактыга таянышыбыз керек.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх