Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мурат Суталиновго аялы жардам берип бастырып жатат. Анын акыбалы оор»

Жогорку Кеңештин экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков мурдагы улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитеттин төрагасына кирип чыкты

УКМК мурдагы башчысы 2010-жылы апрель революциясынын катышуучуларын аткыла деп көрсөтмө берген эмес. мындай деген билдирүүнү Vesti.kg сайтынын болгон маегинде Жогорку Кенештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков билдирди.

Ал катуу оорулуу генералга соттор гумандуулук кылышы керек деп белгиледи.

- Чын курандын тогузунда Мурат Суталиновду бошотуу өтүнүчүн кароо боюнча сот отуруму болот, мен соттордон гумандуу болушту өтүнөөр элем, - деди Исабеков. - Анын катуу оорулуу экендиги баарына белгилүү. Мен жакында ага кирейин десем, аны онкологияга которуп жибериптир. Ооруканада мен аны аялы жетелеп араң бастырып жүргөндүгүн көрдүм. Аны мындай абалда абакта кармоо адамгерчиликсиз деп эсептейм.

Исабеков Суталиновдун сотко өзү келгендигин жана күч структуралары аны мурункудай эле офицер катары урматташа тургандыгын эскертти.

- Анын атасы да урматтуу офицер болгон, - деп белгиледи ал. - Суталинов тууралуу бүгүнкү күндө эч ким жаман сөз айткан жок. Мен анын чогулган элге карата аткыла деп буйрук бербегендигин билем. Анын үстүнө ИИМ мамлекеттик кароол Кызматы ага баш ийчү эмес. 2010-жылы чын курандын жетисинде менин билишимче, эч ким деле көрсөтмө берген эмес. Ал жерде эки тараптуу атышуу болду.

Парламенттин экс-вице-спикери соттор «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевден кийинки жаңжалдан улам Суталиновду коё берүүдөн чочулап жатышат бейм деп боолголойт.

- Бийлик кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуудан кийинки окуядан улам коркуп жатат, - деп боолголойт Исабеков. - Аны урматтап бошотушту, мен ага ошондогу мамлекет башчы кийлигишти деп ойлойм. Эми катуу ооруп жаткан генералды эмнеге бошотууга болбосун?

Эске сала кетели, Мурат Суталинов 20 жылга эркинен ажыратылган. Генералды 2011-жылы сот залына капысынан келип калганда камакка алышкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх