Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адиль Турдукулов эмне үчүн Атамбаевди сындап жүрсө да, КСДП саясий кеңешине киргендигин түшүндүрдү

«Менин эрким болсо, мен Каптагаевдин өзүн 2005-жылкы окуя үчүн трибуналга бермекмин»

Бишкекте өтүп кеткен жекшембиде КСДП саясий партиясынын съезди болуп өттү, анда саясий кеңештин жаңы курамы тандалып алынды. Ага 42 киши кирип, ошонун катарында жарандык активист Адиль Турдукулов да болду. Ал мурда партиянын лидери Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөн болчу.

Турдукуловдун өзү болсо Vesti.kg сайты менен болгон маегинде бул факт анын партиядагы ишмердүүлүгүнүн уландысы гана болоорун жана КСДП саясатын эмнеге колдоп жаткандыгын билдирди.

- Мен КСДП партиясында 2004-жылдан беримин, - деп белгиледи ал. - Бул партия Ата-Мекен сыяктуу эле калк менен системалык деңгээлде иш алып барат деп эсептейм. Ар бир айылда, ар бир алыскы аймакта бул саясий бирикменин филиалдары бар. КСДП оппозициялык мезгилинде бир топ ийгиликтүү эле. Азыр деле жаман эмес, болгону ички тазалануу болуп жатат. Партияда чыныгы социал-демократтар калышат. Алар идея үчүн жана өлкөдө парламентаризмдин орношу үчүн күрөшөт.

Турдукулов ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ролун да баса белгиледи.

- Мен экс-президенттерди катуу сындагандардын бири болчумун жана ал сөзүмдөн азыр да кайтпаймын, - дейт активист. - Бирок Атамбаевдин парламенттик республиканы ишке киргизип жана президенттик, парламенттик шайлоолорду өткөргөндүгүн белгилей кетүү керек.
Андан сырткары, ал президенттик кызматта көбүрөөк туруу үчүн Башмыйзамды өзгөрттү. Менин оюмча, бул Кыргызстандагы да Борбордук Азиядагы да маанилүү демократиялык окуя.

Турдукулов Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаевдин Адиль Турдукулов КСДП курамына Атамбаев менен экс-депутат Текебаевди Гаага сотунун трибуналына берүү максаты менен киргендигин тууралуу жасаган билдирүүсүнө комментарий берди.

- Бул жердеги кырдаал ууруну каракчы алат дегендей болуп жатат, - деп айтты активист. - Менин эрким болсо, Каптагаевдин өзүн 2005 жылкы окуя үчүн трибуналга бермекмин. Бирок менин андай ыйгарым укугум жок.

Турдукуловдун дарегине жасаган билдирүүсүн Каптагаев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх